Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерин ислам принциптерине ылайык жеңилдетилген насыялоо — пайызсыз, шариат нормаларына толугу менен ылайык чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталган каржылоо.
Каржылоо валютасы: сом
Каржылоо мөөнөтү:
- Инвестициялык долбоорлор боюнча — 60 айга чейин
- Жүгүртүү каражатын толуктоо үчүн — 36 айга чейин
- Жаңы ишкердикти өнүктүрүү, стартаптар үчүн — 18 айга чейин
Каржылоо суммасы:
- Инвестициялык долбоорлор:
- Жаңы жабдууларды сатып алуу, өндүрүштү реконструкциялоо, негизги каражаттарды сатып алуу жана модернизациялоо, инженердик иштер.
Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
- Малые предприятия (жылдык киреше 8,0 млн сомдон ашпаган) — 30,0 млн сомго чейин
- Средние предприятия (жылдык киреше 50,0 млн сомдон ашпаган) — 50,0 млн сомго чейин
2. Жүгүртүү каражатын толуктоо үчүн:
- Чийки заттарды жана товарларды сатып алуу
Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
- Малые предприятия — 10,0 млн сомго чейин
- Средние предприятия — 20,0 млн сомго чейин
3. Жаңы ишкердикти өнүктүрүү, стартаптар:
- Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар — 1,0 млн сомго чейин
4. Тигүү тармагындагы ишкерлер:
- Иштеп жаткан ишкердик субъекттер — 100,0 млн сомго чейин, кардар категориясынан көз карандысыз
- Стартаптар — 1,0 млн сомго чейин, мөөнөтү 18 айга чейин
Өзүнүн салымы
- Долбоордун жалпы суммасынан кеминде 20%, акча түрүндө же жаңы багыттарга байланыштуу башка түрдө
Чектөөлөр:
Каржылоо берилбейт:
- Айыл чарба тармагындагы мамлекеттик программалар боюнча жеңилдетилген насыя алган жана карыздары калган субъекттерге
- Пайдалануу жана жеке керектөө үчүн
- Ипотекалык каржылоо
- Кредиттик, страхтык, инвестициялык, ломбардык ишмердүүлүк
- Чет эл валютасы менен алмашуу операциялары
- Кумар оюндары
- Виртуалдык активдерди соодалоо жана алмаштыруу операторлору
- Жер участкаларын сатып алуу
- Мыйзам жана шариат менен тыюу салынган ишмердүүлүк
- Экономикалык ишмердүүлүгү жок долбоорлор