Максаттуу аудитория:
Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
- бир нече айдан бери соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 6 айдан кем эмес үзгүлтүксүз иштеген стабилдүү бизнеске ээ болсо, же өндүрүш чөйрөсүндө 9 айдан кем эмес кредит алуу үчүн арыз бергенге чейин;
- агрардык чөйрөдө стабилдүү бизнеске ээ болсо, бир толук айыл чарба циклин өткөн.
Бул кредиттер төмөндөгү максаттар үчүн берилет:
- газ, электр же гибриддик энергия менен иштеген авто транспорт, өндүрүш жана айыл чарба техникасын сатып алуу;
- жаңы энергия булактарын өндүрүү үчүн жабдууларды сатып алуу жана орнотуу (фотоэлектрдик панелдер, энергия трансформаторлору жана башка заманбап технологиялар, ж.б.)
- ресурстарды үнөмдөөчү жабдууларды сатып алуу жана орнотуу (күн кургаткычтар, суу жылытуучулар, күн энергиясынан автономдуу жарык берүүчү приборлор, жылуулук насостору, жел генераторлору, суу тазалоо жабдуулары жана курулуштары, биогаз орнотулмалары, жылуулук, муздатуу жана желдетүү системалары, суу үнөмдөөчү жабдуулар, таштандыны кайра иштетүү жабдуулары ж.б.)
- экологияга терс таасирин азайтуучу жана энергияны үнөмдөп, ресурстарды пайдаланууну жакшыртуучу негизги каражаттарды жана технологияларды сатып алуу жана орнотуу;
- Агро чөйрөдөгү жашыл технологияларды киргизүү (тамчы сугаруу, жамгыр суусун топтоо системалары, заманбап теплицаларды куруу, бактарды отургузуу, жери кайрадан иштетүү, органикалык айыл чарба системалары ж.б.)
- Банктын талаптарына ылайык экологиялык зыянды азайтууга багытталган инвестиция жана негизги, айлануу каражаттарын толуктоо боюнча башка долбоорлор.