Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар — туруктуу бизнеске ээ болуп, онлайн платформалар аркылуу соода же кызмат көрсөтүү тармагында кеминде 6 ай үзгүлтүксүз иш жүргүзгөндөр.
Кредит төмөнкү максаттарга берилет:
- жүгүртүү каражаттарды көбөйтүү;
- негизги каражаттарды көбөйтүү;
- коммерциялык банктардан жана жеке булактардан алынган насыяларды рефинансирлөө;
- бизнестин шарттарын жакшыртуу, кеңейтүү жана диверсификациялоо үчүн инвестициялоо;
- Селлердин бизнесин өнүктүрүү боюнча Банк белгилеген башка максаттар.