Электромобиль сатып алууну же күн панелдерин орнотууну пландапысызбы? Жашыл туруктуу кредиттер – бул туруктуу келечекке ишенимдүү кадам! Банк Компаньон аркылуу экологиялык жактан таза товарларга жана кызматтарга жеткиликтүү болуңуз жана келечектеги муундар үчүн мыкты планетаны түзүңүз.
Банк Компаньондун жашыл туруктуу кредиттеринин артыкчылыктары:
- 3 айга чейин жеңилдик мезгили
- Энергия чыгымдарын кыскартуу
- Ден соолукка жана айлана-чөйрөгө болгон коркунучтарды азайтуу.
Жашыл туруктуу кредит төмөнкү максаттар үчүн берилет:
- Двигательсиз же аз көмүртектүү транспортту сатып алуу (велосипеддер, скутерлер, электромобилдер ж.б.),
- Суу фильтрация системаларын, суусундук кудуктарын, кудуктарды буроону жана жабдууну орнотуу,
- Күн батареяларын, жылыткычтарды, жылуулук насосторун жана башка кайра жаңыртылган энергия булактарын орнотуу
- Жана жашыл финансирлөө үчүн ылайыктуу башка максаттар.
Кредиттин суммасы: 5 000 ден 8 500 000 сомго чейин.
Кредиттин мөөнөтү: 3төн 60 айга чейин.
Жылдык номиналдык пайыздык чен: 20% дан башталат.
Жылдык эффективдүү пайыздык чен: 22,14% дан башталат.
Эгерде кредиттердин камсыздандыруусу ЖАК «Банк Компаньон» депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары болсо, кредиттин мөөнөтү 1 айдан башталып, депозиттин мөөнөтүн ашпашы керек.
Камсыздандыруу: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк жана кепилдик.
Максатсыз пайдалангандыгы үчүн айып пул: 250 000 сомдон жогору кредиттер боюнча кредиттин суммасының 3%.
Кредитти накталай алуу үчүн Банк тарабынан тарифтерге ылайык комиссиялар алынат.