Вакансия «Башкы кеңсенин юристи»
ЗАО «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк»
Аймак/Шаар
г. Бишкек
Иштин түрү
Толук эмес
Талаптар:
- Билими – жогорку юридикалык
- Иш тажрыйбасы: юриспруденция тармагында кеминде 5 (беш) жыл, анын ичинде банк тармагында кеминде 3 (үч) жыл
- Функционалдык билимдер: КРнын банктык, корпоративдик, жарандык жана жарандык-процессуалдык мыйзамдарын, персоналдык маалыматтарды коргоо жаатындагы мыйзамдарды, жарнама жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мыйзамдарды билүү
- Функционалдык көндүмдөр: сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билүү, ички жана тышкы кардарлар менен мамиле түзө билүү, ойлорун кыска жана так жеткире билүү, оозеки жана жазуу тилинин жогорку деңгээли
- Экспертиза: келишимдерди талдоо жана түзүү жаатында, банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бардык маселелер боюнча юридикалык корутундуларды даярдоо, ченем жаратуу ишинде, ченемдик документтердин долбоорлорун талдоо жаатында
- Атайын көндүмдөр: персоналдык компьютерди ишенимдүү колдонуу, анын ичинде юридикалык маалымат базалары жана маалыматтык-укуктук системалар (Токтом) менен иштөө
- Жеке сапаттар: жоопкерчилик, ыкчамдык, демилгелүүлүк, лоялдуулук, коммуникабелдүүлүк, бизнеске багытталуу
- Тилдерди билүү: орус, англис (pre-intermediate деңгээлинен төмөн эмес), кыргыз (артыкчылык)
Милдеттери:
- Келишимдердин долбоорлорун даярдоо, иштеп чыгуу жана укуктук экспертизадан өткөрүү
- Укуктук мүнөздөгү документтерди жана Банктын ишмердүүлүгүнө байланыштуу укуктук маселелер боюнча корутундуларды даярдоо, иштеп чыгуу
- Бизнес-процесстерди жана продукттарды мыйзам талаптарына шайкештиги боюнча талдоо
- Кыргызстандын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана Банктын ички ченемдик документтерин талдоо
- Укуктук мүнөздөгү каттарды даярдоо
- Банктын кызматкерлерине жана кардарларына консультация берүү
Шарттар:
- Эл аралык банктын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгү
- Пикирдештерден турган динамикалуу командада иштөө
- Кесиптик өсүү жана идеяларыңызды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк
- КР Эмгек кодексине ылайык жумушка орноштуруу
- Эмгек акы шарттары жекече талкууланат
- Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу
- Шаардын борборундагы заманбап офис
- Иш графиги 5/2, офисте иштөө
Маалымат жаңыртылды: 06:40, 02.03.2026
10