«Элдик Банк» «Кластердик өнүктүрүү форель өстүрүү» кредиттик продуктун сунуштайт. Кредитти алууга мүмкүн:
Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүргүзүп жаткан (кеминде 6 ай) кичи жана орто бизнес субъекттери.
Кичи жана орто бизнес субъекттери – балык өстүрүү (форель өстүрүү/иштетүү/сатуу же корма өндүрүү) тармагындагы ишканалар жана чарбалык субъекттер.
- Балык чарбалары, балык өстүрүү жана/же балык өркүндөтүү менен алектенген.
- Балык питомникалары.
- Балык продукциясын иштетүүчүлөр.
- Корма өндүрүүчүлөр жана кластерге катышкан башка иштетүүчү ишканалар.
Каражаттар төмөнкүлөр үчүн колдонулушу мүмкүн:
- Инвестициялык максаттар:
- Жабдууларды жана техникаларды сатып алуу;
- Курулуш-монтаждык иштер, реконструкция жана өндүрүштүк жайларды сатып алуу.
- Айланма капиталды толуктоо:
- Укук/балык уруктарын сатып алуу;
- Кормаларды сатып алуу;
- Аквакультура үчүн дары-дармектерди, витаминдерди сатып алуу ж.б.;
- Инвестициялык проекттин алкагында материалдарды жана башка кызматтарды сатып алуу.
Валюта: кыргыз сом, АКШ доллары.
Сумма: 1 млн АКШ долларына чейин (улуттук валютадагы эквиваленти).
Сроктор:
- Инвестициялык максаттар - 7 жылга чейин.
- Айланма каражаттарды толуктоо - 3 жылга чейин.
Проценттик ставкалар:
- кыргыз сом – 9%;
- АКШ доллары – 5%.
Комиссия: жок.
Кайтаруу: пайыздарды төлөө – ай сайын, негизги сумманы төлөө – жеңилдик мөөнөтүн берүү боюнча индивидуалдуу белгиленет, бирок кварталда кеминде бир жолу болууга тийиш.
Инвестициялык кредит үчүн жеңилдик мөөнөтү:
- балык өстүрүүчү чарбалар үчүн 36 айга чейин;
- иштетүүчү ишканалар үчүн 12 айга чейин.
Айланма каражаттарды толуктоо үчүн жеңилдик мөөнөтү:
- балык өстүрүүчү чарбалар үчүн 18 айга чейин;
- иштетүүчү ишканалар үчүн 12 айга чейин.