Курулуш, долбоорлоо, киргизүү, сатып алуу, тейлөө жана эксплуатация менен байланышкан финансылык каражаттар, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн «жашыл» долбоорлор категориясына тиешелүү кошумча кызматтар.
Кредиттин мөөнөтү: 60 айга чейин
Валюта: сом
Кредиттин суммасы:
10 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) – кредиттер боюнча
50 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) – кредиттик линиялар боюнча
Проценттик ставка: 11%
Эффективдүү проценттик ставка 11,77%
Кредит берүүнүн багыттары
Кайталанган энергия булактары:
- Күн энергиясы;
- Шамал энергетикасы;
- Суу энергетикасы;
- Биомасса жана биогаз;
- Геотермалдык энергия.
- Энергияны үнөмдөө:
- Энергия жана ресурстарды рационалдуу колдонуу, энергия керектөөнү жана/же техникалык жоготууларды азайтуу;
- Энергияны үнөмдөөчү технология/усулдар (жылуулук системалары; жарык берүү, жабдуулар, үй-техникалар, жылуулук изоляциясы);
- Энергияны үнөмдөөчү жана эффективдүү технологияларга көңүл буруп үйлөрдү куруу;
- Алтернативдүү энергия булактарын колдонуу;
- Булганы алдын алуу жана айлана-чөйрөнү коргоо:
- Суу, аба жана жердин булганышынын кесепеттерин жок кылуу же кыйла жумшартуу;
- Булганы алдын алуу, кыскартуу жана калдыктарды кайра иштетүү.
- Экологиялык таза транспорт:
- Электрдик, сутектик же гибриддик тартуудагы төмөн көмүртектүү транспорт;
- Электромобилдер үчүн заряддоо станцияларынын инфратүзүмү, биотопливо станциялары.
- Климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттерине ылайыкташуу:
- Климатка өзгөрүүлөргө туруктуураак инфратүзүмдү түзүү боюнча чаралар (климатты байкоо системалары, эрте билдирүү системалары ж.б.).
- Экологиялык эффективдүү жана/же адаптивдүү продуктылар, калдыктарсыз экономика, өндүрүш технологиялары жана процесстер:
- Экологиялык таза, кайра колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар продуктылар, технологиялар жана кызматтар;
- Катуу калдыктарды/чийки заттарды сорттоо, жыйноо, ташуу жана кайра иштетүү.
Экологиялык туруктуу табигый ресурстарды жана жер пайдаланууну башкаруу:
- Экологиялык туруктуу токой чарбасы;
- Туруктуу айыл чарба ыкмалары.
Туруктуу суу ресурстарын жана канализацияны башкаруу:
- Суу жетишсиз болгон аймактарда жалпы сууну керектөөнү төмөндөтүүгө багытталган технологиялар;
- Таза суу үчүн инфратүзүм, канализацияны тазалоо, жамгыр суусун же кардын эриген суусун жыйноо, суу айландыруу системалары (суу рециклинг).
- «Жашыл» имараттар:
- Экологиялык таза жана энергияны үнөмдөөчү имараттарды куруу, регионалдык, улуттук же эл аралык деңгээлдеги жашыл имараттардын стандарттарына же сертификаттарына жооп бергидей;
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек