Максаттуу топ: жеке адамдар/ИП.
Кредит алуу максаты: батир жана турак жай сатып алуу.
Депозит жөнүндө:
Депозит валютасы: сом.
Проценттик ставка: жылына 3%.
Депозиттин мөөнөтү: 24төн 48 айга чейин.
Депозит боюнча минималдуу баштапкы салым:
- Бишкек жана Ош шаарларынын тургундары үчүн 50 000 сом;
- Башка аймактар үчүн 30 000 сом.
Депозитти топтоо тартиби: кардарга депозиттик эсепти ай сайын толуктоо графиги белгиленет, анда ай сайын кошумча салым суммасы депозиттин мөөнөтү боюнча топтолушу керек болгон жалпы сумманын 1/n (мында n – депозиттин айлар боюнча мөөнөтү) бөлүгү болуп саналат, ал эми ипотекалык объекттин болжолдуу баасынын 30% ын жабууга жетиштүү болушу керек.
Депозитти ыкчам толуктоого уруксат берилет.
Проценттер күн сайын эсептелет. Проценттер депозит банкка келип түшкөн күндөн кийинки күнү жана депозиттин мөөнөтүнүн аяктаган күнүнөн мурдагы күнү чейин эсептелет. Эсептөө үчүн календардык күндөрдүн фактический саны колдонулат.
Жыйналган проценттер депозиттин мөөнөтү аяктагандан кийин төлөнөт.
Проценттердин капитализациясы – жок.
Эгер депозит боюнча келишимди ыкчам бузуу болсо, проценттер талап боюнча депозиттердин шарттарына ылайык төлөнөт.
*Эгер кардар долбоорго кошумча катышуучуларды тартса, анда ар бир тартылган үчүн ал жыйналган депозиттердин суммасында 5% ипотекалык кредиттин суммасынын көбөйтүлүшүнө укуктуу.
Кредит жөнүндө:
Кредит валютасы: кыргыз сом.
Кредиттер 10 жылга чейин берилет.
Эгер кепилдик болгон объект сатып алынуучу болсо, анда кредиттин суммасы сатып алуу наркынын 70% дан ашпашы керек, ошол эле учурда максималдуу кредит суммасы 3 000 000 (үч миллион) сомдон ашпашы керек.
Салыксыз кредит боюнча пайыздык ставка:
- 3 жылга чейинки кредит мөөнөтүндө 10% жылына;
- 5 жылга чейинки мөөнөттө 12% жылына;
- 10 жылга чейинки мөөнөттө 14% жылына;
- Эгер кардар 1 жыл өткөндөн кийин депозиттин зарыл болгон суммасын ыкчам толуктап жатса, анда 5 жылга чейин мөөнөттө 18% жылына.
Кредитти төлөө: ай сайын ануитеттик төлөмдөр менен.
Кредиттөө объекттери:
- жер участогу менен турак үйлөр;
- биринчи жана экинчи рыноктогу батирлер;
- Эгер батир жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн алынса, анда бул объект пайдаланууга берилүүгө тийиш.
Кредит боюнча камсыздандыруу: сатып алынган кыймылсыз мүлк, кеминде 1 адамдын кепилдиги талап кылынат.
Ипотекалык предмет (турак үйлөр) заемчинин ипотекалык кредиттин суммасы боюнча жоготуу же зыян келтирүү коркунучунан камсыздандырылган болушу керек.