Мурабаха Бизнес
Исламдык терезе алкагында ААК «Элдик Банк» тарабынан сунушталган продукт
Продукттун сүрөттөлүшү:
ААК «Элдик Банк» ислам принциптерине негизделген «Мурабаха Бизнес» продуктусун сунуштайт. Продукт ишкерлерди жана компанияларды колдоо максатында иштелип чыккан, керек болгон активдерди алуу жана бизнести пайдага жана ачык шарттарда өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.
Каржылоого алынуучу:
- айланма каражаттарды толуктоо;
- жабдууларды жана техниканы сатып алуу;
- коммерциялык жылжымай турган мүлк сатып алуу;
- бизнестин башка муктаждыктары.
Каржылоонун шарттары:
- Сделка Мурабаха келишими боюнча жүргүзүлөт: банк тандалган мүлк же товарларды сатып алып, кардарга келишимге ылайык үстөмөлүү менен өткөрөт;
- Кепилдик катары сатып алынуучу мүлк жана/же башка кепилдик түрлөрү кабыл алынышы мүмкүн;
- Кардардын бизнесинин өзгөчөлүктөрүнө жараша иштердин ийкемдүү структурасын түзүү мүмкүнчүлүгү.
Продукттун артыкчылыктары:
- Ислам финансирования принциптерине шайкештик;
- Традициялык пайыздык кредиттөөнү колдонбостон, бизнести өнүктүрүү үчүн заманбап инструменттерге жетүү;
- Ачык шарттар жана фиксирленген келишим баасы;
- Ийкемдүү мөөнөттөр жана эсептешүү формалары.
Максаттуу топ: Жеке жактар, өзүнчө ишкерчилик жүргүзгөндөр жана юридикалык жактар
Каржылоонун максаты: Айланма каражаттарды толуктоо (жардамчы буюмдарды, материалдарды, товарларды сатып алуу жана башка) жана негизги каражаттарды сатып алуу (коммерциялык жылжымайтын мүлк, жер участкалары, курулуштар, өндүрүштүк жабдуулар, линиялар жана башка)
Каржылоонун валютасы: Кыргыз сом
Каржылоонун суммасы: 20 000 сомдон баштап
Каржылоонун мөөнөтү:
- 250 000 сомго чейин - 2 жылга чейин
- 250 001 сомдон 500 000 сомго чейин - 3 жылга чейин
- 500 001 сомдон - 5 жылга чейин
Кепилдик мүлк:
- 250 000 сомго чейин - кепилдиксиз
- 250 001 сомдон 500 000 сомго чейин - кыймылдуу мүлк же кепилдик
- 500 001 сомдон - жылжымай турган мүлк