Эгер сиз «Социалдык контракт» программасы боюнча жардам алган болсоңуз, эми ишиңизди кеңейтүүгө жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк бар.
Бул эмнени берет?
Мурда алынган каражаттардын негизинде башталган бизнесиңизди же көмөкчү чарбаңызды өнүктүрүү жана колдоо үчүн кошумча жеңилдетилген каржы ресурстары.
Максаттуу багыты:
Насыяны төмөнкү багыттардагы бизнесиңизди өнүктүрүүгө жумшай аласыз:
- айыл чарбасы;
- өндүрүш;
- соода;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсү.