«Капитал Банк» «Банк кепилдиги » кызматы менен пайдаланууну сунуштайт. Мамлекеттик сатып алууларга катышуу үчүн адатта компанияларга же ЖИлерге финансылык камсыздоо талап кылынат: эсепте акча же банковдук кепилдик. Мындай камсыздоо, аткаруучунун контракттын шарттарын аткарат экендигин кепилдик кылат. Банктык кепилдик буйрутса берген жаран үчүн камсыздандыруу катары иштейт: банк, соодага катышуучу контрактты аткарат деп кепилдик берет. Банктык кепилдиктер юридикалык жактарга жана индивидуалдык ишкерлерге гана берилет.
«Капитал Банк» төмөнкү банктык кепилдик түрлөрүн сунуштайт:
- тендерге катышуу үчүн;
- контрактты аткаруу үчүн;
- аванс төлөмү үчүн;
- чет өлкөлүк банктар тарабынан бекитилген банковдук кепилдиктер;
- бажы органынын пайдасына кепилдик;
- салык органынын пайдасына НДСди кайтаруу үчүн кепилдик;
- акча каражаттарынын кепилдиги боюнча банковдук кепилдиктер;
- кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кепилдиги боюнча банковдук кепилдиктер.
Банк бир жолку кепилдик же банктык кепилдиктер түрүндө кредиттик линияны да бере алат.
Сумма: 10 000 сомдон (же АКШ доллары же евро КР УБ курсу боюнча эквиваленти).
Кепилдик мөөнөтү: 60 айга чейин.
Кепилдик: кыймылсыз мүлк, башка кепилдик түрлөрү, акча каражаттары, депозиттер.
Банктык кепилдик берүү үчүн комиссия (кыймылсыз мүлктү кепилдик кылуу менен):
- 6 айга чейин - кепилдик суммадан 1-3%;
- 6 айдан 36 айга чейин - кепилдик суммадан 3-5%.
Банктык кепилдик берүү үчүн комиссия (акча каражаттары жана депозиттер үчүн кепилдик кылуу менен):
- 6 айга чейин - кепилдик суммадан 1%;
- 6 айдан 36 айга чейин - кепилдик суммадан 1-3%.
Минималдуу комиссиянын көлөмү: 2 500 сом.
Карап чыгуу мөөнөтү: 2 сааттан 3 күнгө чейин кепилдик көлөмүнө жараша (акча каражаттары, депозит же кыймылсыз мүлк).