MBANK «Кошумча нарк түзүү чынжырларын агрокаржылоо» программасынын алкагында пайдалуу шарттардагы агрокредитти сунуштайт – жылдык болгону 10% менен.
Бул программа айыл чарба продукциясын өстүрүүдөн тартып кайра иштетүүгө жана сатууга чейинки процесске катышкан кардарлар үчүн арналган. Мисалы, фермер картошка өстүрүп, ал кийин чипсы өндүрүүгө жөнөтүлөт же сүт өндүрүп, андан сүт азыктары даярдалат.
Кредиттик каражаттарды өндүрүштүн бардык баскычтарына пайдаланууга болот: жер сатып алууга, техника жана жабдууларды алууга, продукцияны сактоого, кайра иштетүүгө жана сатууга, ошондой эле айланма каражаттарды толуктоого – үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу материалдарды (КММ) сатып алууга.