Баткен облусунун ишкерлерин колдоо жана өнүктүрүү максатында.
Максаттуу топ: Жеке жактар жана жеке ишкерлер.
Жеке жактар үчүн (анын ичинде ЖИ) кредиттин максаттары:
- Кызмат көрсөтүү же өндүрүш тармагын каржылоодо кредит суммасы өздүк капиталдын өлчөмүнөн ашык берилиши мүмкүн;
- Сунушталган төлөмдү жабуу коэффициенти (кредит боюнча төлөмдөр төлөнгөндөн кийинки таза пайданын калдыгынын кирешелер жана чыгашалар тууралуу отчеттогу таза пайдага болгон катышы) кеминде 30% түзүшү керек.
Эскертүү: Айрым өзгөчө учурларда (начар кредиттик тарых, күрөө менен жетиштүү камсыздалбаган учурда) кредит боюнча чектөө шарттары өзгөртүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда чечим Кредиттик комитет тарабынан жекече тартипте кабыл алынат.
Юридикалык жактар үчүн (анын ичинде ЧОИ, ишканалар):

Валюта: сом
Каржылоо суммасы: 200 000 сомдон 5 000 000 сомго чейин
Айыл чарба долбоорлору үчүн кредит суммасы: 200 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин
Кредит боюнча сый акы чени: жылдык 13%
Жылдык натыйжалуу пайыздык чен: 14,01%дан жогору
Берилүүчү кредит мөөнөтү:
- 200 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин — 3 айдан 36 айга чейин;
- 2 000 001 сомдон 5 000 000 сомго чейин — 60 айга чейин.
Күрөө менен камсыздоо:
200 000 – 500 000 сом:
- Камсыздоонун түрү: кыймылдуу мүлк (автотранспорт) жана/же кыймылсыз мүлк (турак жай жана турак жай эмес жайлар, жер тилкелери ж.б.).
- Камсыздоо өлчөмү (пайыздык катышта): кеминде 120%.
500 001 – 5 000 000 сом:
- Камсыздоонун түрү: кыймылсыз мүлк (турак жай жана турак жай эмес жайлар, жер тилкелери ж.б.), кыймылдуу мүлк (автотранспорт).
- Камсыздоо өлчөмү (пайыздык катышта): кеминде 120%.
Күрөө Компаниянын Күрөө саясатына милдеттүү түрдө ылайык келиши жана кредит суммасынын кеминде 120% өлчөмүндө камсыздалышы зарыл.