ИнвесКор СА — кардарларына жаңы финансылык продукттарды жана кесипкөй деңгээлдеги ыкчам тейлөөнү 18 жылдан бери сунуштап келе жаткан финансылык компания.
18 жылдык тажрыйбабыздын негизинде биз микрокредиттик рынокто «Золотой стандарт» МКК бренди аркылуу оң баага ээ болдук. 2021-жылы компаниябыз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алып, «ИнвесКор СА» микрофинансылык компаниясы болуп кайра түзүлгөн. Бул өз кезегинде продукттарды жана кызматтарды өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түздү.
Биздин негизги артыкчылыктарыбыздын бири — документтердин минималдуу топтому менен жана кыска мөөнөттө керектөө насыяларын, анын ичинде бизнести өнүктүрүүгө багытталган насыяларды ыкчам берүү.
Биз активдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан компания болууга умтулабыз. Ошондуктан тейлөөнүн жана сунушталган кызматтардын сапатын үзгүлтүксүз жакшыртып, кардарларыбыз үчүн кызыктуу болгон жаңы продукттарды ишке киргизүүнүн үстүндө тынымсыз иш алып барабыз.