«Айым+» — дүйнөнү өзгөрткөн айымдарга арналган банктык продукт.
Биз өз ишин куруп, идеяларды өнүктүрүп, өз айланасында мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн аялдарга ишенебиз. «Айым+» — бул жеңилдетилген каржылоо шарттары, колдоо жана ишеним. Программа аял-кәсипкерлерге ишенимдүү өсүүгө жана алдыга жылууга жардам берет.
«Айым» аталышы күчтүү, ийгиликтүү, шыктандыруучу аялды билдирет, ал эми «+» белгиси — сиздин жаңы мүмкүнчүлүктөрүңүздү, өнүгүүнү жана үй-бүлө менен коом үчүн кошкон салымыңызды туюнтат.
«Айым+» менен сиз бизнесиңизди өнүктүрүп, мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, дагы чоң жетишкендиктерге жете аласыз.
Маанилүү: «Айым+» продуктусу боюнча жеңилдетилген шарттарды алуу үчүн, кредитке кайрылган кардардын бизнеси анын өз атында расмий катталган болушу керек.
Валюта: сом
Кредит суммасы: 20 000 сомдон 3 000 000 сомго чейин (кошулганда)
Кредит мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин
Проценттик чен: жылына 29,20%дан 29,99%га чейин
Жылдык эффективдүү проценттик чен: 33,99%дан 34,40%га чейин
Камсыздоо
20 000 сомдон 150 000 сомго чейин:
- Поручительсиз жана күрөөсүз (КК чечими менен: күйөөнүн же биринчи линиядагы туугандардын макулдугу талап кылынышы мүмкүн);
- 100 000 сомдон жогору болсо — күйөөнүн макулдугу милдеттүү.
150 001 сомдон 500 000 сомго чейин:
- 1-цикл: 1 поручитель;
- 2-цикл: 1 поручитель (мүмкүн, өзүнчө кирешеси бар үй-бүлө мүчөсү);
- 3-цикл: поручительсиз жана күрөөсүз (жубайлардын макулдугу менен);
- 100 000 сомдон жогору болсо — күйөөнүн макулдугу милдеттүү.
500 001 сомдон 750 000 сомго чейин:
- 1 поручитель жана кыймылдуу же кыймылсыз мүлк;
- 100 000 сомдон жогору болсо — күйөөнүн макулдугу милдеттүү.
750 001 сомдон 3 000 000 сомго чейин:
- Кыймылсыз мүлк жана 1 поручитель;
- 100 000 сомдон жогору болсо — күйөөнүн макулдугу милдеттүү.