Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

КРнын Улуттук банкынын жыйынтыктары боюнча: 2025-жылдагы чек ара аркылуу акча которуулардын көлөмү канчалык өзгөрдү?

Акча которуу булактары кандайча өзгөргөнүн, эмнеге тышкы таасирлерден көз карандылык экономика үчүн негизги көйгөй бойдон калып жатканын жана накталай акчанын «расмий эмес» импортунун статистикасы тууралуу Banks.kg порталына КРнын Улуттук банкы билдирди.

КРнын Улуттук банкынын жыйынтыктары боюнча: 2025-жылдагы чек ара аркылуу акча которуулардын көлөмү канчалык өзгөрдү?
Фото: www

Акыркы он жылдыктарда дүйнөлүк экономикада акча которуулардын мааниси кескин жогорулады. Дүйнөнүн кээ бир өлкөлөрү үчүн акча которуулар валюта агымынын эң маанилүү булактарынын бири болуп саналат, ал кээде өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн расмий жардамынан, товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунан түшкөн каражаттардан, ошондой эле тике чет өлкөлүк инвестициялардын агымынан ашып кетиши мүмкүн.

Мигранттардын Кыргыз Республикасына келип түшкөн акча которууларынын көлөмү экономиканын тышкы секторунун абалына олуттуу таасирин тийгизет, анткени ал чет өлкөлүк валютаны түшүүсүнүн олуттуу бөлүгүн камсыз кылат жана өлкөнүн соода тартыштыгын каржылоонун негизги булактарынын бири болуп саналат. Мындан тышкары, акча которуулар жакырчылыкты кыскартууга таасирин тийгизип жана мультипликативдик эффект аркылуу мигранттардын үй чарбаларынын кирешелеринин жогорулашынын натыйжасында акча которууларды алуучу өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүшү мүмкүн.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасына акча которуулардын дүң агымынын үлүшү ички дүң продукцияга карата 15 пайызга жакынды түздү.

- Акча которуулар эмнени билдирет?

- Жалпысынан алганда, акча которуулар бул абдан кенен түшүнүк. Азыр биз төлөм теңдемин түзүү жагынан алганда «Иштеп жаткандардын акчалай которуулары» статьясы жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бирок, төлөм теңдеми системасында акча которуулар жаатындагы операцияларды толугу менен камтыган маалыматтардын бир да статьясы жок. Түшүнүктүү болушу үчүн биз жеке жактардын каражаттарды жөнөтүү жана алуу боюнча ар кандай каналдарды пайдалануу менен Кыргыз Республикасына чет өлкөдөн келип түшкөн жана тескерисинче жөнөтүлгөн акча которуулары жөнүндө сөз кылабыз, аларды бир аз кийинчерээк кененирээк карайбыз. Ошондой эле мындай которуулардын көпчүлүк бөлүгүн башка өлкөлөрдөн келген биздин эмгек мигранттарыбыз жөнөтөөрүн да эске алабыз. 

- Акча которууларды кабыл алган өлкөлөрдүн экономикасына акча которуулар кандай салым кошот? 

- Үй чарбаларынын акча которууларды кандай колдонгондугу аларды алуучу өлкөнүн экономикалык өсүшү үчүн абдан маанилүү. Эреже катары, акча которуулар мигранттар тарабынан үй-бүлөлөрүн колдоо максатында жөнөтүлөт, ошону менен алардын кирешесинин деңгээлин жогорулатат жана үй чарбаларынын керектөөсүнө, акча-каражатын сактоосуна жана инвестициялык потенциалына оң таасирин тийгизет, бул жалпысынан өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй акча которууларды алуучу үй чарбалары негизинен алынган каражаттарды учурдагы керектөөгө, узак пайдалануудагы товарларды сатып алууга сарпташат же үй чарбаларынын абалына жараша келип түшкөн каражаттарды билим алууга, курулушка жана башка тармактарга жумшайт. Ошол эле учурда айрым эксперттердин пикири боюнча, эгерде акча которуулардын агымы үй чарбалары тарабынан учурдагы керектөөгө көбүрөөк сарпталбай, тескерисинче, мисалы, чакан бизнеске, билим берүүгө же саламаттыкты сактоого жумшалса, анда акча которуулардын оң таасири жогору болот, жана бул өз кезегинде узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө жардам берет. 

Белгилей кетчү нерсе, оң социалдык-экономикалык эффекттерден тышкары, акча которуулардын терс жагы да бар. Бул акча которуулардан туруктуу көз каранды болуу. Башкача айтканда, акча которууларды алуучу өлкөнүн экономикасы ар кандай тышкы шоктордон келип чыккан акча каражаттарынын агымы кескин кыскарганда алсыз болуп калат. Мындай тышкы шоктордун мисалдары катары улуттук валютанын арзандашы, чек аралардын жабылышы, инфляциянын жана жумушсуздуктун жогорку деңгээли, эмгек мигранттары акча которууларды жөнөткөн өлкөлөрдөгү саясий (согуш жаңжалдары, экономикалык санкциялар) жана социалдык (катуу миграциялык саясат, пандемия) толкундоолор болушу мүмкүн.

- Акча которуулар кантип жөнөтүлөт?

- Операциялардын статистикалык эсеби боюнча, акча которууларды жөнөтүүнүн 2 жалпы ыкмасына бөлүүгө болот:

Формалдуу каналдар. Бул акча которуу системалары («Золотая Корона», Western Union, Astrasend), банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу которуулар, ошондой эле банктык эсептер аркылуу жеке адамдардын ортосундагы жеке мүнөздөгү которууларды жана башка көп пайдаланылбаган, мисалы почта которуулары сыяктуу которууларды камтыйт.

Акча которууларды жөнөтүү боюнча жогоруда белгиленген каналдар боюнча операциялар расмий статистикада эске алынат.

Адатта мигранттардын өздөрү, алардын достору жана тааныштары аба же унаа өткөрүү пункттары аркылуу накталай акча которууну камтыган формалдуу эмес каналдар. Мындай накталай акча которууларды эсепке алуу мүмкүн эмес. Ушул себептен улам, Улуттук банк которуулардын бул бөлүгүнө кошумча баа берүүнү жүргүзөт, ал акча которуулардын таза агылып кирүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 10 пайызга жакынын түзөт.

Бул жерде акча которууларды жөнөтүүнүн формалдуу каналдарына, тактап айтканда, банктык мобилдик тиркемелерге жана электрондук капчыктарга токтолгум келет, анткени бул жөнөтүү ыкмалары кыйла жаңы жана Улуттук банк тарабынан салыштырмалуу жакында эле эске алына баштаган. Эгерде мурда Кыргыз Республикасына акча которуулардын агылып келүүсүнүн негизги каналы акча которуу системалары эсептелип, алар аркылуу өлкөгө бардык акча которуулардын 90 пайыздан ашыгы келип түшкөн болсо, 2022-жылдан тартып абал өзгөрө баштады. Алсак, банктык мобилдик тиркемелердин жардамы менен жөнөтүлгөн жана келип түшкөн акча которуулар мобилдүүлүктүн, жөнөкөйлүктүн жана ыңгайлуулуктун эсебинен колдонуучулар арасында акырындык менен кеңири колдонула баштады. 2022-жылы алардын көлөмү акырындык менен өсө баштады, бирок бул көрүнүш убактылуу же туруктуу деп так айтуу мүмкүн эмес болчу. 2023-жылы акча которууларды жөнөтүүнүн жана агылып келүүнүн бул ыкмасы туруктуу өсүү динамикасын сактаганы байкалганда, Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте белгиленген операцияларды акча которуулар боюнча жалпы статистикага киргизүү боюнча иштерди жүргүзгөн. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бардык которуулардын суммасынын негизги үлүшү акча которуу системаларына туура келген (75-80 пайыз), ошол эле учурда банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу которуулардын үлүшү 15 пайызга жакынды түзгөн. Почталык которуулардын үлүшү мурдагыдай эле төмөн деңгээлде сакталып калууда.

- Акча которуулар кандайча эсепке алынат? 

- Улуттук банктын акча которуулар боюнча статистикасы Эл аралык валюталык фондунун Төлөм теңдеми боюнча колдонмосунун методологиясынын негизинде жүргүзүлөт. Иштеп жаткандардын акча которуулары боюнча маалыматтар, жогоруда айтылгандай, акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелер жана электрондук капчыктар аркылуу жана жеке адамдардын ортосундагы банк эсеби аркылуу кайтарымсыз которуулар, ошондой эле «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасы аркылуу жөнөтүлгөн которуулар кирет. Бул маалыматтарды Улуттук банк коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин отчеттору аркылуу алат. Андан сырткары, Улуттук банк формалдуу эмес жол менен өлкөбүзгө келген которуулар боюнча кошумча эсеп жүргүзүп, иштеп жаткандардын акча которуусунун жалпы суммасын чыгарат. Кошумча эсептөө буга чейинки изилдөө жана эсептөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Азыркы учурда кошумча эсептөө акча которуулардын таза киришинин 10 пайызын түзөт.

- Акча которууларды жөнөтүүнүн баасы канча? 2025-жылдын жыйынтыгы кандай? Акча которуулар кайсы өлкөлөрдөн келип түшөт жана кайсы өлкөлөргө жөнөтүлөт?

- 2025-жылы акча которуу системалары, банктык мобилдик тиркемелери жана электрондук капчыктар аркылуу акча которуулардын таза агымы 2024-жылга салыштырмалуу 22,6 пайызга өстү жана 3,1 млрд АКШ долларын түздү. Өлкөгө которуулардын дүң агымы 3,5 млрд АКШ долларын түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 16,8 пайызга жогору көрсөткүчтө болду. Акча которуулардын жалпы көлөмүнүн 90 пайыздан ашыгы Россия Федерациясына туура келет. Мисалы, АКШнын үлүшү 3,1 пайызды түздү. Мындай аз үлүш Россия Федерациясына салыштырмалуу эмгек мигранттарынын аздыгы, акча которууларды жөнөтүүнүн кымбаттыгына, жашоого кеткен учурдагы олуттуу чыгымдар же мигранттар ал жакка үй-бүлөлөрү менен узак мөөнөткө же түбөлүккө кетип жаткандыгы жана өз туулган өлкөсүндө акча жөнөтө турган эч кимиси калбагандыгы менен түшүндүрүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда географиялык жактан алганда башка өлкөлөрдүн үлүшү анча көп эмес бойдон калууда. 

Кыргыз Республикасынан жөнөтүлгөн акча которуулардын дүң агылып чыгуусу 0,4 млрд АКШ долларын түзгөн, бул 2024-жылдын жыйынтыгына караганда 16,2 пайызга аз. Акча которуулар негизинен Россия Федерациясына (88,1 пайыз) жана Түркияга (7,9 пайыз) жөнөтүлгөн.

Акча которуулар жөнүндө маалыматты Улуттук банктын «Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеми» чейректик басылмасынан, ошондой эле Улуттук банктын веб-сайтынын «Статистика» бөлүмүндө табууга болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.