Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда 607 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү.
Анын ичинен 341 долбоор айыл чарба багытында ишке ашууда. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда.
«Социалдык контракт» прграммасы президенттин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда, ал аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган.
Төрт жылда долбоордун алкагында 48 миң 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда.
Ишке ашкан долбоорлордун структурасы төмөнкүдөй:
- 73,3 пайызы - айыл чарба;
- 13,8 пайызы – өндүрүш;
- 6,7 пайызы - соода-сатык;
- 6,2 пайызы - кызмат көрсөтүү.
Буга чейин социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. 2025-жылдын башынан сентябрга чейин жарандар Социалдык контракт программасына катышуу үчүн 8899 арыз беришкен.
Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1 млн сомдон ашты.
Быйыл 2026-жылы республика 13 миң 333 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракттын алкагында 150 миң сомдон ала алышат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.