13 миңден ашуун үй-бүлө соцконтракт боюнча бизнеске каражат ала алышат

Социалдык контракт алууга арыздарды кабыл алуу жана кароо иштери башталды.

13 миңден ашуун үй-бүлө соцконтракт боюнча бизнеске каражат ала алышат
Сүрөт: Эмгек министрлиги

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Арыздар айыл өкмөттөрү же Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрү тарабынан кабыл алынат.

«Социалдык контракт» программасынын алкагында чакан бизнести ачуу үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат алууга болот. Быйыл бул программага 13 334 үй-бүлө катыша алат.

Каржылоону социалдык паспорту бар же «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун алган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр ала алышат. Үй-бүлөдө эмгекке жөндөмдүү жана мүлктүк потенциал болушу, ошондой эле реалдуу бизнес-план түзүлүшү зарыл.

Социалдык контракт түзүүдө төмөнкүлөргө артыкчылык берилет:

  • «жашыл»  багыттагы долбоорлор;
  • «Бир айыл – бир продукт» демилгесинин алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууну пландаган үй-бүлөлөргө; 
  • майыптуулуг бар адамдарга; 
  • кирешелүү жана туруктуу бизнес-планы бар үй-бүлөлөр.

Социалдык контракт түзүү жөнүндө чечимди жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдында түзүлгөн убактылуу комиссия, ал эми шаарларда — мэриянын алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия кабыл алат.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.