Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматынан билдиришти.
Экономикалык өсүшкө бардык негизги тармактар оң салым кошту:
- курулуш тармагы эң чоң өсүштү көрсөттү – 60,6%;
- кызмат көрсөтүү чөйрөсү – 6,1% га өстү;
- айыл чарбасы – 6,0% га өстү.
Жалпысынан өнөр жай тармагындагы өсүү 11,2% түздү. Тармактар боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:
- химиялык продукцияны өндүрүү – 2,9 эсеге көбөйдү;
- тазартылган мунайзаттарды өндүрүү – 1,8 эсеге өстү;
- транспорт каражаттарын өндүрүү – 41,8%;
- курулуш материалдарын өндүрүү – 33,6%;
- пайдалуу кендерди казып алуунун көлөмү – 16,9%;
- фармацевтикалык продукцияны өндүрүү – 13,0%;
- негизги металлдарды өндүрүү – 8,5%;
- азык-түлүк өндүрүү – 2,4%.
Адылбек Касымалиев мындай экономикалык динамиканы абдан жогору жана позитивдүү деп атады.
Жыл башынан тартып республикада негизги капиталга салынган инвестициялардын рекорддук өсүү темпи катталганын кошумчаланды. Алардын жалпы көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8% га өстү.
Кеңешмеде чакан жана орто ишкерчиликти комплекстүү колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Өкмөт тарабынан ата мекендик ишкерлер үчүн мамлекеттик программалардын жана жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорунун комплекси ишке ашырылууда.
ЧОИ сектору жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү:
- Алдын ала маалыматтар боюнча, 2025-жылы ЧОИ субъекттери тарабынан өндүрүлгөн жалпы кошумча нарктын көлөмү 54,5% га өсүп, 1 триллион 15 млрд сомду түздү (салыштыруу үчүн: 2024-жылы – 657,1 млрд сом болгон).
- Чакан жана орто бизнестин ИДПнын структурасындагы үлүшү 9,9 пайыздык пунктка өсүп, 51,4% ды түздү (2024-жылы – 41,5% болчу).
«Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8% га өсүп, 27,3 миңди түздү. ЧОИ жана жеке ишкердик чөйрөсүндө иш менен камсыз болгондордун саны 6,8% га көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти», – деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин башчысы.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.