Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өнөр жай КФ кепилдиктерин алууда алдыңкы орунга чыкты

«Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосу менен 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканалар 10 жыл ичинде дээрлик 6,9 млрд сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартышты.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана өнөр жай КФ кепилдиктерин алууда алдыңкы орунга чыкты
Фото: www

«Кепилдик фонд» ААКсы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында экспортко багытталган ишканаларды колдоо боюнча ишинин жыйынтыгын чыгарды.

2026-жылдын 30-июнуна карата кепилдик колдоону 232 экспортко багытталган ишкана алды. Берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 2 млрд 93,7 млн сомду түзүп, анын негизинде ишкерлер 6 млрд 857,3 млн сом өлчөмүндө кредиттик каражаттарды тарта алышты.

Тармактык түзүмдүн талдоосу көрсөткөндөй, кепилдик колдоонун негизги бөлүгү өнөр жай жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармактарына туура келет. Бул эки тармак жалпы берилген кепилдиктердин 81%ын, ал эми тартылган кредиттик каражаттардын 82%ын түзөт.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы ишканаларга 89 кепилдик берилип, алардын жалпы суммасы 911,2 млн сомду түздү. Натыйжада ишкерлер 2 млрд 945,7 млн сом кредиттик каражаттарды тартышты.

Өнөр жай тармагындагы ишканалар 93 кепилдик алып, кепилдиктердин жалпы суммасы 777,3 млн сомду түздү. Бул алардын 2 млрд 703,4 млн сом өлчөмүндө банктык кредиттерди алуусуна мүмкүндүк берди.

Мындан тышкары кепилдик колдоо айыл чарба, курулуш, кызмат көрсөтүү, соода жана транспорт тармактарындагы экспортко багытталган ишканаларга да көрсөтүлдү.

Кепилдиктердин саны боюнча Бишкек шаары (74), Чүй облусу (55), Талас облусу (28) жана Жалал-Абад облусу (24) алдыда турат.

Берилген кепилдиктердин көлөмү боюнча Бишкек шаары (685,9 млн сом), Чүй облусу (613,5 млн сом) жана Талас облусу (394,6 млн сом) лидерлик орундарды ээледи. Ошондой эле аталган аймактар тартылган кредиттик каражаттардын көлөмү боюнча да алдыда.

Экспортко багытталган ишканаларды колдоо «Кепилдик фонд» ААКсынын артыкчылыктуу багыттарынын бири бойдон калууда. Кепилдик механизмин колдонуу аркылуу Кепилдик фонд ата мекендик экспорттоочулардын финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, өндүрүштүк потенциалын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын продукциясынын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшүүдө.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.