Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазып чыкты.
Октябрдын аягына карата Apple компаниясынын рыноктук капиталдаштырылышы 5,03 триллион долларга жетсе, Nvidia компаниясында бул көрсөткүч 4,93 триллион долларды түзгөн. Акыркы жолу Apple бул көрсөткүч боюнча атаандашынан июль айынын аягында озуп чыккан. Ошентип, технологиялык алпка дүйнөдөгү эң кымбат компания наамын кайрадан кайтарып алуу үчүн үч айга жакын убакыт талап кылынды.
Октябрдын аягында АКШнын фондулук рыногунда алдыңкы технологиялык корпорациялардын акцияларын массалык түрдө сатуу толкуну байкалды. Буга тармактагы ири компаниялардын, анын ичинде Intel, Amazon, Alphabet жана Meta финансылык көрсөткүчтөрүнүн канааттандырарлык эмес болушу себеп болду.
Аналитиктердин пикиринде, мындай кырдаалга таасир эткен факторлордун бири жасалма интеллект (ЖИ) технологияларын өнүктүрүү долбоорлорун кредиттөө көлөмүнүн кескин өсүшү болду.
Финансылык көрсөткүчтөрдүн канааттандырарлык эмес болушу рыноктун катышуучуларынын арасында жасалма интеллектке инвестиция салуунун келечегине байланыштуу кооптонууларды кайрадан күчөттү. Ошол эле учурда буга чейин мындай инвестицияларга басым жасап келген Apple компаниясынын жетекчилиги учурда алардан байкаларлык деңгээлде баш тартты.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.