Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Австриялык банк Кыргызстанда филиалын ачышы мүмкүн

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Австриянын Федералдык президенти Александер Ван дер Беллен менен жолугушту.

Австриялык банк Кыргызстанда филиалын ачышы мүмкүн
Сүрөт: Президенттин маалымат кызматы

Өлкө башчынын маалымат кызматы билдиргендей, тараптар инвестициялык жана финансылык тармактарда мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. 

Садыр Жапаров Кыргызстан банктар аралык өз ара аракеттерди өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, эки өлкөнүн банктарынын ортосунда түз байланыштарды ошондой эле, соода жана инвестицияларды кеңейтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө токтолду.

Буга байланыштуу президент Кыргызстан жана Австриянын банктарынын ортосунда корреспонденттик эсептерди ачуу, ошондой эле австриялык банктардын биринин Кыргызстанда филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Австриянын президенти өз кезегинде австриялык тарап бул сунуштарды карап чыгууга даяр экенин белгилеп, аталган сунушту Австриянын Финансы министрлигине кароого киргизерин билдирди.

Жапаров Александер Ван дер Белленди Кыргызстанга келип, 2027-жылы Бишкекте БУУнун колдоосунда өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Буга чейин Садыр Жапаров Citibank банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушуп, өлкөдө америкалык банктын филиалын ачууну сунуштаган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.