Автордун жаңылыктары: Гулзина
Жаңылыктар
Кыргызстанда банк карталарынын саны дээрлик 10 миллионго жетти
2025-жылдын I кварталында жүгүртүүдөгү банк карталарынын саны 9,8 миллионго жетип, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2,3 миллионго көбөйгөн (ал кезде 7,5 миллион болгон).
14:31, 09.06.2025Крипто-туризм: санарип акча саякат эрежелерин кантип өзгөртүп жатат
Дүйнөлүк туристтик индустрия санариптик өзгөрүүгө дуушар болууда: барган сайын көбүрөөк саякатчылар сапар үчүн төлөмдү криптовалюта аркылуу жүргүзүүнү тандап жатышат.
13:30, 09.06.2025Кыргызстанда дагы бир жеке банк пайда болушу мүмкүн
Ушул жылдын 3-июнунда КРнын Юстиция министрлиги тарабынан чет өлкөлүк катышуучу уюму менен «Мурас Банк» жабык акционердик коому каттоодон өткөн.
12:21, 09.06.2025Кыргызстандыктар насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салууну белгилей алышат
Жарандарды каржылык алдамчылыктан коргоого байланышкан «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
16:54, 05.06.2025Эмгек укуктарын бузгандыгы үчүн иш берүүчүлөр 5 млн сом зыян тартышты
Жыл башынан бери Кыргызстандагы иш берүүчүлөргө эмгек укуктарын бузгандыгы үчүн 5 млн сомго жакын айып пул салынды.
14:20, 05.06.2025SIM-картаны жана банктык эсептерди берүү көзөмөлгө алынды: Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун жактырды
Жогорку Кеңештин жыйынында санариптик финансы чөйрөсүндөгү алдамчылык менен күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.
12:59, 05.06.2025Кыргызстан менен Кытайдын каржы институттары чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча маселелерди талкуулашты
Кечээ, 3-июнда Пекин шаарында Кытайдын Финансы министрлигинин аянтчасында КРнын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев жана Финансы министри Алмаз Бакетаев менен Кытайдын Финансы министри Лань Фоань ортосунда эки тараптуу жолугушуу болду.
12:12, 04.06.2025Павел Шуст: «Биз акча которуулар боюнча жаңы багыттар аркылуу каналдарды көбөйтүүгө аракет кылабыз»
BIFF-2025 иш-чарасынын жүрүшүндө REMIT PRIME Central Asia, IFAD программасынын аймактык координатору Павел Шуст эл аралык институттар менен кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, REMIT PRIME долбоорунун негизги максаттары менен тааныштырды.
11:00, 04.06.2025«Нөлдүк» көрсөткүчтөрү бар ишканалар статистикалык отчет тапшыруудан бошотулат
Улуттук статистикалык комитет статистикалык отчеттуулукту берүүнүн жаңы эрежелери күчүнө киргенин билдирди.
09:09, 04.06.2025Бишкектеги Binance Community Meetup жолугушуусуна кошулуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!
Binance сизди быйылкы жылдын эң кызыктуу жолугушууларынын бирине тагыраагы Binance Community Meetup оффлайн иш-чарасына чакырат. Дүйнөдөгү эң ири криптовалюталык алмашуулардын бири - Binance – бул иш-чараны криптоколдонуучулардын коомчулугу үчүн уюштурат.
13:17, 03.06.2025Жыл башынан бери «Балага сүйүнчү» жөлөк пулу боюнча 178,9 миллион сом төлөндү
Ушул жылдын төрт айында Кыргзстанда 44 миң 666 наристеге -«Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү берилген.
12:16, 03.06.2025BIFF-2025 иш-чарасына Кыргызстандын тогуз банкы колдоо көрсөттү
Өткөн жума күнү Novotel Bishkek City Center борборунда 10 өлкөдөн 400дөн ашык катышуучуну бириктирген Бишкек эл аралык каржы форуму - 2025 болуп өттү. Кыргызстандын банктары BIFF-2025 иш-чарасынын өнөктөштөрү болуп, экспозициялардын көргөзмөсүнө катышып, техникалык колдоо көрсөтүштү.
11:39, 03.06.2025IKEAга Кыргызстандагы альтернатива: РКӨФ эмерек өндүрүшүнө 1,5 млн доллар бөлөт
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду «Маткасымов» ЖЧКсынын өндүрүштүк кубаттуулуктарын масштабдуу кеңейтүүгө жана жеңил эмеректердин беш жаңы линиясын ишке киргизүүгө 1,5 миллион доллар бөлөт.
15:32, 02.06.2025Эмне үчүн Кыргызстандын банктарында доллар, евро, рубль, теңгеге альтернатива жок?
Кытай, Түркия жана Перс булуңунун өлкөлөрү менен активдүү экономикалык байланыштарга карабастан, Кыргызстандын банктарында доллар, евро, рубль жана теңге гана бар. Юань бир гана коммерциялык банкта жеткиликтүү.
14:33, 02.06.2025Салык боюнча карызы бар кыргызстандыктарга эми SMS келет
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө карыздары жана маанилүү билдирүүлөр тууралуу ыкчам жана ыңгайлуу маалымат берүү үчүн уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууну жөнгө салууда.
13:22, 02.06.2025Евгений Лесняк: «КР классикалык банк «санариптик таяныч» долбоорун ишке ашырууда – мындайды ар бир эле өлкөдөн көрө бербейсиң!»
BIFF-2025 иш-чарасында Visa компаниясынын Украинадагы, КМШдагы жана Түштүк-Чыгыш Европадагы стратегиялык өнөктөштүк, финтех жана биргелешкен долбоорлор бөлүмүнүн башчысы Евгений Лесняк Visa компаниясынын санариптик каржылоонун келечеги боюнча стратегиялык көз карашы менен тааныштырып, эл аралык кейстер менен бөлүштү.
12:05, 02.06.2025BIFF-2025: Кыргызстан санариптик инновацияларга жана эл аралык өнөктөштүккө ачык
Бүгүн, 30-майда Novotel Bishkek City Center мейманканасында Бишкек эл аралык каржы форуму - 2025 өтүүдө. BIFF-2025 он өлкөдөн 400дөн ашуун катышуучуларды чогултту. Алардын катарында жөнгө салуучу органдардын жана банктардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана талдоочулар бар.
17:01, 30.05.2025Binance сурамжылоосу: крипто колдонуучулар активдерин кантип коргошот
Санариптин чөйрөсүндө алдамчылык күчөгөн мезгилде крипто инвестицияларынын коопсуздугу биринчи планга чыгат.
15:47, 29.05.2025«Байлык Финанс» компаниясы Кара-Кулжа айылында жаңы кеңсе ачты
23-майда ЖАК «Байлык Финанс» микрокредиттик компания Ош облусунун Кара-Кулжа районунда заманбап жана ыңгайлуу кеңсе ачты. Бул 54-тейлөө пункту болуп саналат.
13:46, 29.05.2025Кыргызстан биринчи жолу 700 миллион долларлык еврооблигация жайгаштырды
Кыргыз Республикасы эл аралык финансы рынокторуна суверендүү еврооблигацияларын дебюттук жайгаштырууну ийгиликтүү ишке ашырып, 700 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат тартты.
12:59, 29.05.2025Зуура Баяманова: «Жалгыз мамлекеттин пенсиясына таянуу керек эмес»
Топтоочу пенсиялык фонддун башкы директору, КФБнын Листингдик комитетинин жетекчиси Зуура Баяманова Banks.kg порталына өлкөдө мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоону өнүктүрүү жана исламдык каржылоо принциптерине негизделген пенсиялык продуктуну өнүктүрүү тууралуу айтып берди.
17:53, 28.05.2025BIFF-2025ке кошулуңуз! X Бишкек эл аралык каржы форумуна эки күн калды
30-майда Novotel Bishkek City Center борборунда BIFF-2025 юбилейлик көргөзмөсү өтөт. Ага жөнгө салуучу органдардын, эл аралык уюмдардын, мамлекеттик мекемелердин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык уюмдардын, финтех-компанияларынын, төлөм уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана аналитиктер катышат.
11:35, 28.05.2025Садыр Жапров эмне себептен рубль менен бир гана банк иштей турганын түшүндүрдү
Президент Садыр Жапаров соцтармактардагы «Капитал банк» банкына байланыштуу талкууларга жана анын рубль менен болгон операцияларына комментарий берди. Өлкө башчы банк толугу менен мамлекетке карай турганын жана мыйзамдын чегинде гана иш алып барарын белгиледи.
10:17, 28.05.2025Паспортту алмаштыргандан кийин банк кызматтарын кантип колдонуу керек
Паспортту алмаштыргандан кийин жарандар паспорттук реквизиттерин банктарга барып жаңыртуу керек. Бул кардарды туура идентификациялоону камсыз кылуу жана мүмкүн болгон тейлөө үзгүлтүктөрүн алдын алуу үчүн маанилүү болуп саналат.
14:57, 27.05.2025Улуттук банк 59,8 миллион АКШ долларына интервенция жүргүздү
Кечээ, 26-майда каржылык жөнгө салуучу орган валюта рыногунда АКШ долларын саткан. Бул быйылкы үчүнчү интервенция болуп эсептелет.
12:08, 27.05.2025КРнын Улуттук банкы эсептик ченди 9% деңгээлинде сактап калды
Кыргызстандын Улуттук банкы 26-майда эсептик ченди (негизги чен) 9% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Чечим 27-майдан тартып күчүнө кирет.
11:40, 27.05.2025Lalafo тиркемеси сатуучулар үчүн AI-жардамчысын сунуштады
lalafo онлайн-жарнактар платформасы колдонуучуларга бир нече мүнөттүн ичинде жүздөгөн товарларды жайгаштырууга мүмкүндүк берген жасалма интеллектин базасында иштеген инновациялык куралды сунуштады.
18:43, 26.05.2025Конвертке салынган маяна. Минкаб уруксат берилген учурларды тизмектеди
Министрлер кабинети эмгек акыны накталай төлөөгө уруксат берилген учурлардын тизмесин бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
18:06, 26.05.2025Бишкек — Балыкчы поезд багыты: төлөм онлайн жана накталай жеткиликтүү
«Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашкандай, 6-июндан тарта поезд жүргүнчүлөрдү Балыкчы шаарынын көл жээгине чейин алып бара баштайт.
16:57, 26.05.2025Кыргызстанда каякта көп айлык төлөйт: аймактагы маяналар боюнча рейтинг
2025-жылдын январь-март айларында Кыргызстандагы ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо номиналдык чегерилген эмгек акы 40 264 сомду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,3%га көп.
13:03, 26.05.2025