Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 19,1%га, ал эми реалдуу эмгек акы инфляцияны эске алуу менен 11,1%га өскөн.
Улуттук банк белгилеген расмий курс боюнча орточо айлык 473,8 АКШ долларын түздү.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, орточо айлык эмгек акынын эң жогорку өсүшү экономиканын төмөнкү тармактарында белгиленди:
- кыймылсыз мүлк менен иш алып баргандар - 39,3%га өсүү;
- курулуш - 38,5%га;
- административдик жана жардамчылык ишмердүүлүк - 30,2%га;
- саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө — 27%га;
- кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк - 26%га;
- мейманкана жана тойкана ишмердүүлүгү – 24,9%га;
- финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 23,8%га;
- тейлөө ишинин бардык түрлөрү - 21,2%га;
- электр энергия, газ менен камсыз кылуу — 21%га;
- маалымат жана байланыш - 17,7%га;
- кен казуу - 16,8%га;
- транспорт жана сактоо — 16,5%га.
Ошондой эле, бюджеттик эмес сектордогу эмгек акы бюджеттик сектордогу эмгек акынын деңгээлинен 1,7 эсеге жогору экендиги белгиленген.
Аймактар боюнча орточо айлык номиналдык чегерилген эмгек акынын тизмеси:
- Баткен облусу — 30 224 сом;
- Жалал-Абад облусу — 33 901 сом;
- Исык-Көл облусу — 46 394 сом;
- Нарын облусу — 38 903 сом;
- Ош облусу — 26 221 сом;
- Талас облусу — 38 819 сом;
- Чүй облусу — 32 902 сом;
- Бишкек шаары — 51 977 сом;
- Ош шаары— 33 514 сом.
Эң төмөнкү орточо айлык Ош облусунда – 26 миң 221 сом.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.