Банктар үчүн план «Б»: Улуттук банк алардын финансылык чыңдоосу боюнча жаңы эрежелерди киргизди

Улуттук банк КРдеги коммерциялык банктарды финансылык жактан чыңдоо пландарын иштеп чыгууда бирдиктүү талаптарды киргизди. Жаңы жобо банктарды аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоону жана каржы секторунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн кризиске каршы аракеттенүү пландарын алдын ала даярдоого милдеттендирет.

Банктар үчүн план «Б»: Улуттук банк алардын финансылык чыңдоосу боюнча жаңы эрежелерди киргизди
Сүрөт: КР УБ

КРнын Улуттук банк Башкармасы 2025-жылдын 26-декабрында «Банктын финансылык абалын чыңдоо планына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. 

Токтом банктардын финансылык туруктуулугун жогорулатууга жана аманатчылардын жана кредиторлордун кызыкчылыктарын коргоого багытталган, банктардын финансылык чыңдоо пландарынын мазмунуна, аларды иштеп чыгуу жана берүү тартибине карата бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында кабыл алынган.  Бул тууралуу финансылык жөнгө салуучу орган билдирди. 

Бул жобонун аракети коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашыруучу коммерциялык банктарга жайылтылат. 

«Банк финансылык абалы олуттуу начарлап кеткен учурда, капиталынын жетиштүүлүгүн, ликвиддүүлүк деңгээлин жана финансылык туруктуулугун калыбына келтирүүгө жана колдоого багытталган чараларды камтыган финансылык абалын чыңдоо планын алдын ала иштеп чыгат. Чыңдоо планында банктын тобокелдиктеринин мүнөзү, масштабы, татаалдыгы жана иш өзгөчөлүктөрү эске алынууга тийиш», - деп жазылат аталган жободо. 

Чыңдоо планы төмөнкү маалыматты камтышы зарыл: 

  • минималдуу финансылык таасир, анын ичинде төмөнкүлөргө таасир этүүнү баалоо: капитал, ликвиддүүлүк, киреше жана чыгаша эсептери; 
  • абалды чыңдоо вариантын ишке ашыруунун максималдуу мөөнөтү; 
  • банктын өзүнүн тажрыйбасын, ошондой эле банкка жеткиликтүү болгон башка банктардын тажрыйбасын эске алуу менен, олуттуу же бир аз тоскоолдуктарды эске алуу менен сунушталган финансылык абалды чыңдоо вариантынын ишке ашуу мүмкүнчүлүгүн талдоо; 
  • банк кризистик кырдаалда ишке ашыра алгыдай болушу үчүн, чыңдоо планында көрсөтүлгөн сценарийлердин жок дегенде биринде чыңдоо варианты колдонууга жарамдуу болушу керек деген тастыктоо; 
  • банктын иштөө жөндөмдүүлүгүн бузбастан, анын колдонулушун камсыз кылуучу банктын бизнес-моделине чыңдоо вариантынын таасирин баалоо. 

Банктын чыңдоо планына төмөнкү чыңдоо варианттары киргизилип, талданышы керек: 

  • акционердик капиталды көбөйтүү, анда ири катышуучулардын (акционерлердин) финансылык мүмкүнчүлүктөрүн талдоо камтылууга тийиш; 
  • банктын ар кандай портфелдеринде кредит берүүкөлөмүн кыскартуу;
  • дивиденддерди төлөөнү азайтуу же убактылуу токтотуу;
  • карыз оорчулугун азайтуу боюнча чаралар;
  • чыгашаларды кыскартуу боюнча чаралар. 

Банк ар бир чыңдоо варианты үчүн төмөнкүлөрдү камтышы керек: 

  • чыңдоо варианты жөнүндө маалымат; 
  • чыңдоо вариантын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон операциялык кадамдардын тизмеси; 
  • чыңдоо вариантын ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөттөрүн жана натыйжалуулугун баалоо;
  • банктын мурунку тажрыйбасы жөнүндөмаалыматтар жана/же башка банктар тарабынан ушул сыяктуу чараларды колдонуу практикасы жөнүндө жеткиликтүү маалымат; 
  • варианттын банк тарабынан аныкталган нормалдуу шарттарда да, стресс-сценарийлерде да колдонулушун баалоо. 
  • чыңдоо вариантынын натыйжалуулугун баалоодогу болжолдоолор; 
  • варианттын төмөнкүлөргө таасирин талдоо: катышуучуларга (акционерлерге), банктын финансылык туруктуулугуна, бизнес-моделге, маанилүү функциялар жана иштин негизги багыттары; 
  • ар бир чыңдоо вариантынын ишке ашырылышын баалоо, анын ичинде аларды ишке ашыруу жолундагы мүмкүн болуучу тоскоолдуктар; 
  • чыңдоо вариантын ишке ашырууну камсыз кылуучу ички башкаруу механизмдери жөнүндө маалымат. 

Системалык маанилүү банк өзүнүн чыңдоо планын Улуттук банкка жыл сайын ар бир жылдын 15-мартына чейин берип турууга тийиш. 

Токтом жарыялангандан кийин 15 жумушчу күндөн кийин күчүнө кирет. Документ тууралуу кененирээк маалыматты шилтемеден тапса болот.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын декабрь айынын башында Улуттук банк Башкармасынын «Банкты финансылык жактан чыңдоо планына талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтом долбоору коомдук талкууга коюлган.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.