Жолугушуу борбор калаадагы ири конференц-залдардын биринде өттү. Катышуучуларды каттоо учурунда алар турникте тартылуу күчтөрүн жана көндүмдөрүн сынап көрүшүп, #bitcoinbutton оюнун ойноо менен дүйнөдөгү эң ири криптобиржадан эстелик үчүн белектерге ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Ошондой эле Binance Learning Lab борборунан верификациядан өтүп, соода комиссияларында 20% жеңилдик алууга мүмкүн болду.
Жолугушуунун ардактуу коноктору катары дүйнөлүк маркетинг боюнча директор Рэйчел Конлан, Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка өлкөлөрү боюнча Binance компаниясынын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков, Кыргызстандын виртуалдык активдер жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов, ошондой эле «МПЦ» ЖАКсы башкармалыгынын төрагасы Алтымыш Туратбеков катышты.
Иш-чара Кирилл Хомяковдун саламдашуу сөзү менен башталды.

Кирилл Хомяков эмне жөнүндө сүйлөдү?
Өз сөзүндө Кирилл Хомяков компаниянын Кыргызстан менен кызматташтыкты тереңдетүү пландары жана санариптик демилгелерди колдоосу тууралуу айтып берди. Ал белгилегендей, өлкө Binance үчүн приоритет болуп калды жана анын негизги максаттарынын бири кызматтардын толук спектри менен эң ири жергиликтүү платформага айландыруу болуп саналат.
«Биз Кыргызстанда Binance чет элдик биржа катары эмес, локалдык экосистема катары кабыл алынышын каалайбыз», — деп баса белгиледи ал. Анын айтымында, компания веб жана мобилдик версияларды, ошондой эле Binance Academy билим берүү долбоорун локалдаштырган. Жакын арада кыргыз тилинде колдоо кызматы ишке киргизилет, бул пайдаланууга ыңгайлуу жана түшүнүктүү кеңештерди алууга шарт түзөт.
Кирилл Хомяков белгилегендей, Binance санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берүүдө. Артыкчылыктуу багыттарга - банктардын эсептеринен криптоплатформага комиссиясыз жана коопсуз которуулар үчүн фиат каналдарын интеграциялоо. Дагы бир кадам Binance Pay улуттук QR-төлөм системасына киргизүү, бул аркылуу криптовалютаны соода чекиттеринде төлөм жүргүзүүдө колдонууга мүмкүнчүлүк берүү болуп саналат. Акчалар учурдагы курс менен улуттук валютага автоматтык түрдө конвертацияланат — сатуучулар сом менен төлөм алышат, пайдалануучулар болсо криптовалютаны колдонушат.
«Бул чечим бизнеске да, кардарларга да пайдалуу. Ишкерлер төлөмдү дароо алышат, ал эми колдонуучулар көнгөн жол менен — санариптик активдерди колдонуп төлөй алышат», — деп түшүндүрдү ал.
Спикер келечектеги перспективдүү долбоорлордун катарына банктагы реалдуу каражат менен камсыздалган улуттук стейблкойн KGST кирерин билдирди. Ал улуттук валютаны алмаштырбай, аны санариптик толуктоочу катары колдонуу, ички жана чек ара төлөмдөрдү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.
Компания ошондой эле Binance Card чыгарууну пландап жатат, ал колдонуучунун эсебине байланыштуу болуп, күнүмдүк сатып алууларды түздөн-түз крипто эсептен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Мындан тышкары, Binance улуттук санариптик долбоорлорду жана төлөм чечимдерин иштеп чыгуу аркылуу Кыргызстандын виртуалдык активдерин жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча өкмөттүн жана Улуттук кеңештин демилгелерин колдоого ниеттенүүдө.
«Бизге көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазыбыз жана Кыргызстанга санариптик финансы тармагында амбициялуу пландарын ишке ашырууга жардам берүүгө даярбыз. Binance жергиликтүү экосистеманын өнүгүүсүн колдоо үчүн бардык күчүн жумшайт», — деп жыйынтыктады спикер.
Андан кийин сөз Кыргызстандын виртуалдык активдерин жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовго берилди.

Фархат Иминов эмне жөнүндө сүйлөдү?
Фархат Иминов өз сөзүндө Кыргызстан санариптик каржылоону киргизүүдө аймактагы лидерлердин бири болуп баратканын белгиледи. Анын айтымында, президенттин демилгеси менен түзүлгөн Улуттук кеңеш мамлекеттик саясатты координациялоо, бизнес менен эксперттердин өз ара аракеттенүүсүн жана инновацияларды колдоо ишин камсыздайт.
«Кеңештин мамлекет башчысынын деңгээлинде түзүлүшү зарыл саясий колдоону берет жана тармактын туруктуу өнүгүүсү үчүн стратегиялык чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк түзөт», — деп баса белгиледи Иминов.
Иштин артыкчылыктуу багыттарына улуттук санарип валютаны ишке киргизүү, мамлекеттик крипторезерв түзүү, билим берүү программаларын өнүктүрүү, криптовалюта тармагындагы коопсуздукту жогорулатуу кирет. Ошондой эле мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча иштер жүрүп жатат: реалдуу активдер менен камсыздалган токендерди чыгаруу жана жүгүртүүнү жөнгө салган түзөтүүлөр сунушталууда, инновациялык чечимдерди укуктук талаада сыноо үчүн шарттар түзүлүүдө.
Иминов белгилегендей, 2025-жылы Кыргызстандагы криптовалюталар боюнча операциялардын көлөмү 1,3 миллион транзакциядан ашты, ал эми республика Chainalysis дүйнөлүк криптоиндексинде алдыңкы 15 өлкөнүн катарына кирди. Бул өлкөнүн санариптик экономиканы өнүктүрүүдөгү деңгээлин тастыктайт.
Жолугушуу биримдик атмосферада жагымдуу маанайда аяктады. Катышуучулар айтылган демилгелер Кыргызстандын санариптик келечегине карай маанилүү кадам болоруна ишенишет.


widget.comment.header
widget.comment.empty_state.title
widget.comment.empty_state.subtitle
widget.comment.login_prompt.text