Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды. Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты, жөнгө салууну, лицензиялоону иштеп чыгуу жана ишке ашыруу бөлүгүндө ыйгарым укуктарды президент тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берүү жолу менен виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- КРнын виртуалдык активдер жөнүндө мыйзамдарынын чегинде реалдуу активдер менен камсыз кылынган стейблкоиндерди, токендерди (RWA-токендер) чыгаруу жана жүгүртүү үчүн укуктук шарттарды түзүү;
- Санариптик экономикада активдүү катышуучу жана технологиялык инновациялардын драйвери катары мамлекеттин ролун күчөтүүгө өлкөнүн стратегиялык багытын чагылдырган «мамлекеттик майнинг» жана «мамлекеттик криптовалюта резерви» түшүнүктөрүн киргизүү;
- Инвесторлорду алдамчылыктан коргоо, камсыздалган активдерди гана, анын ичинде чет өлкөлүк валютада чыгаруу (эмиссия) жолу менен Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
- Виртуалдык активдер (жөнгө салуучу кум коргон) чөйрөсүндө инновациялык продуктуларды жана чечимдерди коопсуз тестирлөө үчүн укуктук негизди түзүү.
Министр белгилегендей, мындай мыйзам Кыргызстандагы виртуалдык активдер рыногун коргоону, туруктуулукту жана ачык-айкындуулукту жогорулатууну күчөтөт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.