Биринчи май РИИБинен билдиришкендей, 4-ноябрда милицияга шаар тургуну арызы менен кайрылган.
Ал арызында 1-октябрда Москва көчөсүндө «К.» аттуу жаран чет мамлекеттердин бирине акча каражаттарын которууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен алдамчылык жол аркылуу 69 миң АКШ долларын ээлеп алгандыгын билдирген. Акча каражаттарын алгандан кийин изин жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.К. аттуу жаран аныкталып, райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген. Ал Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.