Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБине жаран арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы тууралуу билдирген. Анын айтымында, 2026-жылдын 2-февралында Telegram мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу кийим буйрутма кылып, QR-код аркылуу «Оптима Банктагы» эсепке 355 295 сом акча каражатын которгон. Бирок, дүкөн буйрутма берген кийимдерин берген эмес.
Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 24 жаштагы А.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Аныкталгандай, ал буга чейин тоноо жана уурулук беренелери боюнча соттолгон.
Ошондой эле, анын кибер алдамчылыкка байланыштуу бир нече кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болгон.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кармалган жарандын борбор калаа аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
Шаардык милиция жарандарды интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүдө сак болууга жана текшерилбеген адамдарга акча каражаттарын которбоого чакырды.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.