Бюджеттик миллиондор «Кыргыз почтасынын» эсепчисинин «чөнтөгүнө» кеткен

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кыргыз почтасы» ААКсында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталганын кабарлады.

Бюджеттик миллиондор «Кыргыз почтасынын» эсепчисинин «чөнтөгүнө» кеткен
Иллюстрациялык сүрөт

УКМКнын маалыматына ылайык, мыйзам бузуу фактысы компаниянын көзөмөлдөө-текшерүү башкармалыгынын жардамы менен мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында аныкталган.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталгандай, «Кыргыз почтасы» ААКнын Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө өзүнүн жеке банктык эсебине которуп турган.

УКМК кошумчалагандай, жалпы келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сом экендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максаттарда, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга пайдаланган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.     

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.