Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Эми жарандар пенсиялык топтоолорун көп жолу пайдалана алышат

Кыргызстанда пенсиянын топтомо бөлүгүн пайдалануу тартиби жеңилдетилди.

Эми жарандар пенсиялык топтоолорун  көп жолу пайдалана алышат
Иллюстрациялык сүрөт

Социалдык фонддон билдиргендей, министрлер кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги №244 токтому кабыл алынды. Бул документ жарандар үчүн пенсиялык топтоолорун ипотеканы жабууга жана дарыланууга пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. 

Негизги өзгөртүүлөр 2026-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирет. Эми жарандар ипотекалык карызын төлөө үчүн же тизмеге кирген оор оорусуна байланыштуу пенсиялык топтомо каражаттарын көп жолу пайдалана алышат. Бул үчүн Социалдык фонддун аймактык башкармалыктарына тиешелүү документтер менен кайрылуу зарыл.

Ошондой эле үлүштүк курулуш да кеңейтилди, мурда каражатты келишим түзүлгөн адам гана пайдалана алса, эми бул укук анын мыйзамдуу жубайына да берилди. Жубайлар расмий никеде болгон учурда топтомо каражаттарын үлүштүк курулуштун баштапкы төгүмүнө же карызын жабууга жумшай алышат.

Ал эми минималдуу босого мурдагыдай эле калды. Пенсиянын топтомо бөлүгүнүн суммасы 50 миң сомдон ашкан учурда гана колдонууга уруксат берилет.

Социалдык фонд айрым документтерди «Түндүк» мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу өз алдынча алат. Бул жарандардын документ чогултуу убактысын үнөмдөйт.

Эске салсак, буга чейин Кыргызста топтомо пенсияны колдонуунун бир катар жолдору тууралуу материал жарыялаганбыз. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.