Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Биринчи чейректе кайсы валюталар сомго салыштырмалуу кыйла өстү

2026-жылдын январь-март айларында Кыргызстандагы көпчүлүк чет элдик валюталардын расмий курстары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорулаган.

Биринчи чейректе кайсы валюталар сомго салыштырмалуу кыйла өстү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Статкомдон кабарлашты. 

Эң көп орус рубли 19,8% кымбаттаган, ал эми евро 11,6%га өскөн.

Доллар бир аз 0,3%га бекемделип, орточо эсеп менен 87,45 сомду түздү. Казак теңгеси 2,9%, ал эми өзбек сому 7,5% кымбаттады.

Ошону менен катар март айында февраль айына салыштырмалуу евро 2,3%га, орус рубли 4,5%га арзандады. Ал эми казак теңгеси тескерисинче 1,5%га кымбаттап, доллар менен өзбек сому өзгөрүүсүз калды.

Март айынын орточо курсу:

  • доллар — 87,45 сом;
  • евро — 101,07 сом;
  • рубль — 1,09 сом.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.