Бенефициардык ээлер жөнүндө маалымат төмөнкү жолдор менен берилет:
- аймактык таандыктыгына карабастан, юстициянын аймактык органдарына;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине;
- [email protected] электрондук почта дареги аркылуу;
- юридикалык жактын жетекчиси тарабынан «Түндүк» Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө.
Маалыматтар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 88 буйругу менен бекитилген форма боюнча берилет (egov.kg/ru/ministry/justice/operations?id=3586&id=3595).
Маалыматтарга юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн жетекчисинин колу коюлган жана мөөр менен бекитилген билдирүү тиркелет.
Көрсөтүлгөн маалыматтарга юридикалык жактын, филиалдын же өкүлчүлүктүн жетекчиси тарабынан кол коюлган жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн билдирме тиркелет.
Бул маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдарынын талаптарын аткаруу максатында жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юридикалык жактарды өзүнүн бенефициардык менчик ээлери жөнүндөгү маалыматттарды өз убагында берүүгө чакырат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.