Депутат жаштарга онлайн-насыя берүү эрежелерин катаалдатууну сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева 18 жаштан эми гана ашкан жаштарга онлайн-кредит берүүнү чектөө боюнча маселе көтөрдү.

Депутат жаштарга онлайн-насыя берүү эрежелерин катаалдатууну сунуштады

Анын айтымында, ал буга чейин Улуттук банкка тийиштүү сунуш жолдогон. Ага аталган банктан кат жүзүндө жооп келип, анда 18 жашка чыккан жаран эрезеге жеткен болуп эсептелери, мындан улам анын укуктарын чектөөгө алардын укугу жоктугу жазылган. 

Депутат жаңы гана эрезеге жеткен балага онлайн кредит алууга жол ачуу туура эмес деп эсептейт. 

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров бул маселе коммерциялык банктардын жана микрофинансылык уюмдарынын катышуусунда талкууланып жатканын билдирди.

«Биз азыр башка кесиптештер ошол эле коммерциялык банктар жана микрофинансылык компаниялар менен бул теманы талкуулап жатабыз. Ким кандай инструмент киргизери каралууда», – деп билдирди ал. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.