Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегациялары Кыргызстанда депозиттерди камсыздандыруу системаларынын маселесин талкуулоодо

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын делегациялары 12–13-август күндөрү Ысык-Көл облусунда аманаттарды камсыздандыруу системаларынын иштешине байланыштуу актуалдуу маселелерди карашууда.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн делегациялары Кыргызстанда депозиттерди камсыздандыруу системаларынын маселесин талкуулоодо

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги билдирди.

12-августта Бает айылында ЕАЭБдин банктык салымдарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), ЕАЭБ аймагындагы кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттук жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча Эксперттик тобунун жыйыны башталды. Жыйын Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдында өтүүдө.

Иш-чаранын катышуучулары аманатчылардын укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, ЕАЭБ алкагында депозиттерге кепилдик берүү боюнча ыкмаларды шайкеш келтирүүнүн келечегин карашат жана мындан аркы кызматташтыктын багыттарын аныкташат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.