Өлкөдө 2025–2030-жылдарга карата Электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын ишке ашыруу улантылууда, бул саясат чыгымдар менен кирешелерди тең салмакташтырууга, ошондой эле энергетикалык тутумдагы учурдагы тартыштыкты кыскартууга багытталган.
Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер социалдык багытта болуп саналат, башкача айтканда өзүнүн реалдуу наркынан бир топ төмөн белгиленген.
Ушул себептерден улам КРнын министрлер кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтому менен электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилген.
Белгиленгендей, узак убакыт бою колдонулуп келген тарифтер электр энергиясынын чыныгы өздүк наркын жапкан эмес, ал эми айырма бюджеттик кредиттердин эсебинен жабылып келген. Эми тарифтер этап-этабы менен иш жүзүндөгү өздүк нарк деңгээлине жеткирилет.
Ошентип, 1-майдан тартып айына 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын пайдаланган калк үчүн тариф 27 тыйынга жогорулатылып, 1 киловатт-саат үчүн 1 сом 64 тыйынды түзөт.
Тарифтик саясатты ишке ашыруу энергетикалык инфраструктураны жыл сайын оңдоодо туруктуу каржылоону камсыз кылат, анын ичинде:
- энергетикалык жабдууларын оңдоо;
- аба чубалгыларын калыбына келтирүү;
- гидроагрегаттарды модернизациялоо,
- трансформаторлорду жана башка зарыл түзүлүштөрдү оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Орто мөөнөттүү тарифтик саясатты жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү эске алуу менен ишке ашыруу келечекте энергетика тармагындагы каржы каражаттарынын тартыштыгын жоюуга, бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды, коомдук жайларды жана башка керектөөчүлөрдү жеткиликтүү электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
Абоненттер электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү реалдуу убакыт режиминде төмөнкү жолдор аркылуу төлөй алышат:
- төлөм терминалдары Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, Megacom, О!, Оңой;
- электрондукапчыктар MBank, MegaPay, UMAI, Элсом, О!;
- мобилдик банктык тиркемелер;
- «Кыргызпочтасы» МИ бөлүмдөрү.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.