Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Бишкекте жасалма акча менен жол кире төлөгөн жүргүнчү аныкталды

Бишкекте эки жолу 200 сомдук жасалма купюра менен жол кире төлөгөн жүргүнчү аныкталды.

Бишкекте жасалма акча менен жол кире төлөгөн жүргүнчү аныкталды
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы билдирди. 

Маалыматка ылайык, аталган жүргүнчүнүн кылыгынан №42-автобустун айдоочусу жабыркаган. 

Жүргүнчү коомдук транспортко түшүп, ар ирет 200 сомдук жасалма купюра берген, бирок айдоочу акчанын жасалма экенин байкабай калган.

Эскерте кетсек, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, жасалма банкнотторду даярдоо же сактоо 1 000ден 2 000ге чейинки эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Ошол эле аракеттер, эгерде ири өлчөмдө адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу тарабынан жасалса, беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. 

Буга чейин Banks.kg порталы жасалма сомдон кантип сактануу керектигин жана эгерде жасалма акча түшүп калса каякка кайрылуу керектиги тууралуу макала жарыялаган. 

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.