Дыйкандарга 3% менен насыя берилет: шарттары кандай

Кыргызстанда 2026-жылдын март айынан тарта ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди.

Дыйкандарга 3% менен насыя берилет: шарттары кандай

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, программа айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн жана көчөт материалдары менен камсыздоого, ошондой эле тармактын ата мекендик потенциалын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Бул демилге министрлер кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылып, бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган.

Программанын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттик каражаттар берилет. Каржылоонун негизги шарттары:

  • пайыздык чени — 3%;
  • мөөнөтү — 36 айга чейин.

Каражаттар төмөнкү багытта бөлүштүрүлөт:

  • үрөнчүлүк чарбаларына — 60%дан ашпаган өлчөмдө;
  • питомник чарбаларына — 40%дан кем эмес өлчөмдө.

Берилген каражаттар төмөнкүлөргө багытталат:

  • үрөндөрдү жана көчөт материалдарын сатып алууга;
  • жогорку сапаттагы продукцияны өстүрүүгө;
  • тазалоо, иштетүү жана отургузуу боюнча заманбап жабдууларды алууга.

Мындан тышкары, каржылоо ислам принциптерине ылайык жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Долбоорго катышууну каалаган үрөнчүлүк жана питомник чарбалары «Элдик Банк» жана «АБанк» филиалдарына кайрылып, тиешелүү маалымат ала алышат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.