Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, компанияларга мурда алынган насыяларды жана карыздарды төлөө үчүн облигацияларды чыгарууга тыюу салынат.
Ошону менен катар Кыргызстанда облигациялардын түрлөрүнүн тизмесин кеңейтүү, анын ичинде «жашыл», социалдык облигациялар жана туруктуу өнүгүү облигациялары расмий түрдө киргизилүүдө. Мындай баалуу кагаздар аркылуу каржылана турган долбоорлор үчүн атайын талаптар белгиленген.
Мындан тышкары, документте эл аралык каржы институттары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздардын Кыргызстандагы жүгүртүлүшү жөнгө салынат, эмиссиянын проспектисине карата талаптарды актуалдаштыруу жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан сунушталган Корпоративдик башкаруу кодексин сактоо талап кылынат.
Ошондой эле облигацияларды жеке жайгаштыруунун жаңы эрежелери каралган, облигацияларды жеке жайгаштырууда чыгарылышты ишке ашпай калган деп таануунун негиздерин жана мамлекеттик каттоодон өткөргөн учурда чыгарылышты жокко чыгаруу тартибин аныктоо талаптары белгиленди.
Жобону кабыл алуу баалуу кагаздар рыногун мындан ары өнүктүрүүгө, инвесторлордун укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.