Кыргызстанда эттин баасын турукташтыруу үчүн фермерлерге жеңилдетилген насыя берилет

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков өлкөдөгү азык-түлүк бааларын жана өзгөчө мал этинин баасын турукташтыруу маселелерине токтолду.

Кыргызстанда эттин баасын турукташтыруу үчүн фермерлерге жеңилдетилген насыя берилет
Иллюстрациялык сүрөт

Анын айтымында, министрлер кабинетинин чечимине ылайык, эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоор иштей баштайт. Ал Чүй облусунда жана Бишкек шаарында ири мүйүздүү малды өнөр жайлык бордоп семиртүүнүн негизинде ишке ашырылат.

Долбоор өлкөнүн эт өндүрүмүн көбөйтүү жана эттин баасына рыноктук жол менен таасир этүү максатын көздөйт.  

Демилгенин алкагында, 2026-жыл ичинде региондук эт кластеринин субъекттерин жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо жолу аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт.

Долбоорду ишке ашырууга катыша турган Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы бодо малды бордоп семиртүүчү эт кластерине кирген фермерлер менен агроишкерлерге үстөк пайызы төмөн жеңилдетилген насыя берилет. 

Каржылоо мамлекеттик «АБанк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору тарабынан жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, азык-түлүк бааларынын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу максатында республиканын бардык аймактарында дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкелери уюштурулууда. 

Кечээ, 12-мартта КРнын Улуттук банкы тарабынан «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун толук фирмалык аталышы жана кыскартылган фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу анын лицензиялары алмаштырылган. Эми банк «АБанк» деп аталат.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.