Бул тууралуу Финансылык жөнгө салуучу органдын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекеттик банктын ребрендингине байланыштуу банктын толук жана кыскартылган аталыштары өзгөртүлдү:
- мамлекет тилдеги толук аталышы: «АБанк» ачык акционердик коому;
- мамлекет тилдеги кыскартылган аталышы: «АБанк» ААК;
- расмий тилдеги толук аталышы: Открытое акционерное общество «АБанк»;
- расмий тилдеги кыскартылган аталышы: ОАО «АБанк»;
- англис тилдеги толук аталышы: The open joint-stock company «ABank»;
- англис тилдеги кыскартылган аталышы: OJSC «ABank».
Аталыштын өзгөрүшү банктын өнүгүүсүнүн жаңы этабынын юридикалык тастыктамасы болуп саналат. Кардарлар жана өнөктөштөр алдындагы бардык милдеттенмелер күчүндө калат, ал эми документтерди жана лицензияларды алмаштыруу «АБанк» брендин колдонуунун мыйзамдуулугун тастыктайт.
Эске салсак, 2026-жылдын 2-февралында «Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушу болуп өткөн. Акционерлер тарабынан каржылык мекеменин атын «АБанк» деп өзгөртүү боюнча юридикалык процесстер башталган болчу.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.