Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
30 жылдан ашуун убакыт бою улуттук валюта өлкөнүн чегинен тышкары басып чыгарылып келген. Бүгүн ушул стратегиялык процессти өз алдынча камсыздоого маанилүү кадам ташталды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында, Улуттук банк акыркы мезгилдерде улуттук валютаны өлкөдө чыгарууну камсыз кылуу жагында иштерди ырааттуу жана план чегинде ишке ашырып келди.
«Мына бүгүн ушул иштин алгачкы маанилүү жыйынтыгын сыймыктануу менен белгилесек болот: эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөбүздүн аймагында 20 жана 50 сом номиналында банкноттор басып чыгарылды», - деп жазылат маалыматта.
Көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тартып жаш республика акырындап эгемендүү мамлекеттин бардык негизги атрибуттарына ээ болду: Конституцияга, тууга, гербге, гимнге жана улуттук валютага.
Мындай тарыхый окуя көз карандысыздыгыбыздын 35 жылдыгына туура келүү менен өзгөчө алгылыктуу маанай тартуулоодо. Бул Кыргыз Республикасынын экономикалык өз алдынчалыгын жана мамлекеттик көз карандысыздыгын бекемдөө жолунда дагы бир маанилүү кадам болуп саналат.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.