Салык кызматы дээрлик 21 млрд сом карызды өндүрдү

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 11 айында салыктык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарды кыскартуу багытындагы иштердин алкагында бюджетке 20 млрд 996,1 млн сом түшүүлөрдү камсыз кылды.

Салык кызматы дээрлик 21 млрд сом карызды өндүрдү
Сүрөт: интернеттен алынды

Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Маалым болгондой, карыздарды өндүрүү боюнча көрсөткүчтөрдү жакшыртуу салык карыздары менен системалуу иштөөнүн жана аналитикалык ишти күчөтүүнүн натыйжасында ишке ашты.

Мындан тышкары, 97 миң 169 субъекттин салыктык карызы эсептен чыгарылды.

Аталган кызмат билдиргендей, салыктарды жыйноодо санариптик куралдар жана онлайн-кызматтар олуттуу салым кошкон:

  • салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн онлайн-төлөө; 
  • башка мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен салыктык маалымат системасын интеграциялоо; 
  • салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу онлайн билдирүү; 
  • жарандарга салык карызы бар экендиги тууралуу СМС-билдирүү жөнөтүү.

МСКнын маалыматы боюнча, процесстерди санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнү автоматташтыруу салыктык башкаруунун ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги багыттары бойдон калууда.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.