Алтындын баасы тарыхта биринчи жолу унциясы үчүн 3 700 доллардан ашты

Нью-Йорктогу Comex биржасынын маалыматына ылайык, алтындын баасы тарыхта биринчи жолу тройская унциясына 3 700 доллардан ашты.

Алтындын баасы тарыхта биринчи жолу унциясы үчүн 3 700 доллардан ашты
Сүрөт: интернеттен алынды

Москва убактысы менен 16:48де декабрдагы фьючерстин баасы 25,37 долларга же 0,7%га көтөрүлүп, унциясына 3 702,37 долларды түздү. Бир нече мүнөт мурда эле котировкалар 3 706,77 долларга жетип, жаңы тарыхый рекорд орнотту.

Ал эми сентябрдагы күмүш фьючерси 0,09%га төмөндөп, унциясына 41,864 доллар болду.

Өсүүнүн себептери

Nemo.Money компаниясынын башкы рыноктук аналитиги Хан Таня (Han Tan), Reuters агенттигине билдиргендей, алтындын кымбатташы АКШнын Федералдык резервдик системасы (ФРС) жакын арада негизги пайыздык ченди төмөндөтөт деген күтүүлөр жана доллардын алсырашынан улам шартталууда.

ФРСтин кийинки жыйыны 16–17-сентябрга белгиленген. CME Group”тун маалыматына ылайык, адистердин көпчүлүгү учурдагы 4,25–4,5% диапазонунан ченди 4–4,25%га чейин түшүрүүнү божомолдошууда.

«Алтындын баасы 2025-жылы 4 000 доллар деңгээлине жетиши үчүн ФРСтин пайыздык ченди күтүлгөндөн да тезирээк төмөндөтүүсү, ошондой эле ФРСтин көз карандысыздыгына жана АКШнын фискалдык саясатына болгон ишенимдин түшүшү талап кылынат», — деп белгиледи аналитик.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүгүнкү күндө алтын куймаларына болгон баасы:

  • 1 грамм: сатып алуу - 11 634 сом, сатуу - 11 692,5 сом;
  • 2 грамм: сатып алуу - 21 991,5 сом, сатуу - 22 079,5 сом;
  • 5 грамм: сатып алуу - 53 170 сом, сатуу - 53 329,5 сом;
  • 10 грамм: сатып алуу - 104 522,5 сом, сатуу - 104 731,5 сом;
  • 31,1035 грамм (унция): сатып алуу - 321 707 сом, сатуу - 326 532,5 сом;
  • 100 грамм: сатып алуу - 1 029 838,5 сом, сатуу - 1 060 734 сом.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.