2026-жылы Кыргызстандын Финансы министрлиги мамлекеттик баалуу кагаздардын (МБК) чыгарылышын кыйла көбөйттү. Көптөр үчүн бул адаттан тыш көрүнүш болгону менен, мындай практика дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө кеңири колдонулат. Баалуу кагаздар бюджетти каржылоого, экономиканы өнүктүрүүгө каражат тартууга жана ошол эле учурда инфляцияны ооздуктоого жардам берет.
Мамлекет эмне үчүн облигацияларды бат-баттан чыгара баштады
Мамлекеттик баалуу кагаздар – бул мамлекеттин карыздык милдеттенмелери. Аларды сатып алган инвестор белгилүү бир мөөнөткө мамлекетке займ берет, мөөнөтү бүткөндө ал салган каражатын алдын ала белгиленген киреше менен кошо кайра алат.
2026-жылдын ичинде Финансы министрлиги ар кандай мөөнөттөгү мамлекеттик казына векселдерин жана облигацияларын үзгүлтүксүз жайгаштырууда. Бул коомчулук арасында суроолорду жаратууда.
Бул аптада Финансы министрлиги билдиргендей, 2026-жылдын 31-майына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 870,3 млрд сомду түзүп, ИДПнын 39 пайызына барабар болгон. Министрлер кабинетине бул көрсөткүчтүн ИДПнын 50 пайызынан ашып кетишине жол бербөө тапшырмасы коюлган.
Демек, мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражат мамлекеттик программаларды, инфраструктуралык долбоорлорду жана бюджеттин башка чыгымдарын каржылоого багытталат. Ошол эле учурда ички карыз рыногу өнүгүп, өлкөнүн тышкы кредиттерге көз карандылыгы азайып, өлкөнүн алдыга жылышына шарт түзүлөт.
Бул инфляция менен кандай байланыштуу
Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен бийлик бир эле учурда эки максатты көздөйт: тышкы карыз албай эле бюджетке кошумча каражат тартат жана өлкөдөгү инфляцияны ооздуктоого аракет кылат. Эгер мурда баалардын өсүшү болжол менен 9 пайыз болот деп күтүлсө, кийин бул көрсөткүч 15 пайызга чейин жогорулатылган.
Мындай жагдайга ички себептер гана эмес, дүйнөлүк факторлор да таасир этүүдө. Алардын катарына азык-түлүк менен энергия булактарынын кымбатташы, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу, Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү тобокелчиликтер жана АКШнын экономикалык саясатынын дүйнөлүк рынокторго тийгизген таасири кирет. Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн бул дээрлик бардык товарлардын кымбатташын билдирет.
Эмне үчүн облигациялар калкка сунушталууда
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик баалуу кагаздар жарандардын бош каражаттарын кошумча керектөөгө эмес, топтоого багыттоого жардам берерин белгиледи.
«Бир жагынан жарандар өздөрүнүн 100 сомун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Экинчи жагынан мамлекет бул каражаттарды өндүрүштү жана өнүгүүнү каржылоого багыттай алат. Бул инфляцияны ооздуктоонун бир жолу», – деп билдирди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Бийликтин пикиринде, эмгек акы жогорулагандан кийин калктын колунда кошумча каражат пайда болду, эгер ал негизинен товарларды сатып алууга жумшалса, анда бул баалардын дагы да өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Мындан улам Финансы министрлигине мамлекеттик баалуу кагаздарды мобилдик тиркеме аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу тапшырмасы берилген. Программанын жалпы көлөмү 500 млн сомду түзөт. Баалуу кагаздар эки жылдык мөөнөткө, жылдык 17 пайыздык кирешелүүлүк менен жайгаштырылууда. Көлөмү 100 млн сом болгон биринчи чыгарылышты калк кыска мөөнөттө толугу менен сатып алган, учурда экинчи чыгарылыш сатылууда.
Бийлик жагымдуу пайыздык чендин эсебинен калк ашыкча каражатын товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө эмес, мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялайт деп үмүттөнүүдө. Бул суроо-талаптын жогорулашынан улам баалардын өсүшүн кармап турууга жардам берет.
Мамлекеттик баалуу кагаздардын пайдасы эмнеде
Жарандар үчүн мамлекеттик баалуу кагаздар бош каражатты сактап, кепилденген киреше алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Ал эми мамлекет үчүн бул экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга багытталуучу ички инвестициялардын булагы болуп саналат.
Ошондуктан бүгүнкү күндө мамлекеттик баалуу кагаздардын үзгүлтүксүз чыгарылышы бюджетти каржылоонун гана эмес, макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоонун негизги инструменттеринин бири катары каралууда.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.