Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Кепилдик фонд» ААКсы менен «ОКСУС МФК» ЖАК кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюшту

Кечээ, 27-июлда, «Кепилдик фонд» ААКсы менен «ОКСУС Микрофинансылык компаниясы» ЖАК өлкөдөгү ишкердик субъекттеринин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.

«Кепилдик фонд» ААКсы менен «ОКСУС МФК» ЖАК кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюшту
фото: www

Документ тараптардын ишкерлердин каржылоого жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, атап айтканда, күрөө менен камсыздоо жетишсиз болгон учурда кепилдик берүү аркылуу кредиттерди алууга көмөктөшүү багытындагы өз ара кызматташуусун карайт.

Макулдашууга «Кепилдик фонд» ААКсынын Башкармасынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров жана «ОКСУС МФК» ЖАКсынын Башкы директору Данияр Байтороев кол коюшту.

Кол коюу аземинде тараптар бул кызматташтык эки финансылык институт үчүн тең өлкөдөгү ишкердикти, биринчи кезекте экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү өнүктүргөн ишкерлерди колдоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдиришти.

Бүгүнкү күндө «Кепилдик фонд» ААКсынын өнөктөштүк тармагы 29 финансылык уюмду камтыйт. Алардын катарына:

  • 19 коммерциялык банк; 
  • 3 микрофинансылык компания; 
  • 2 микрокредиттик компания;
  • Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду; 
  • Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду; 
  • Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фонду; 
  • Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд.

«ОКСУС МФК» ЖАК менен кызматташтык туруктуу финансылык чөйрөнү калыптандырууга жана Кыргызстандагы ишкердик активдүүлүктү арттырууга багытталган дагы бир маанилүү кадам болот.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.