Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Жаңы нормага ылайык, эми адал-продукцияларды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда техникалык регламенттердин жана стандарттардын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик белгиленет.
Анда жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Ал эми адал-продукциялардын жана адал-кызматтардын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун бузгандыгы же милдеттүү процедураларды өткөрбөстөн сертификаттарды бергендиги үчүн юридикалык жактарга 65 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.
Ведомство белгилегендей, жаңы чаралар керектөөчүлөрдү коргоого, жасалма адал продукциялары менен күрөшүүгө жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө ички жана экспорттук рыноктордо ишенимди жогорулатууга багытталган.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.