Бул тууралуу Bloomberg басылмасы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна таянуу менен маалымдады.
Азык-түлүк бааларынын индекси орточо 133,3 пунктту түзүп, июль айына салыштырмалуу 1,9%га, ал эми 2025-жылдын августуна салыштырмалуу 2,5%га өстү.
Бир ай ичинде баарынан көп кымбаттаган азыктар:
- кант — 11,9%га;
- буудай — 2,6%га;
- жүгөрү — 2,5%га.
Жалпысынан дан азыктарынын баасы 2,2%га өстү.
Баалардын өсүшүнүн негизги себептеринин бири катары геосаясий чыңалуунун күчөшү жана аба ырайынын кескин өзгөрүшү айтылууда. Европадагы аптаптуу ысык түшүмдүн азайышына алып келип, мунун айынан аймак импортко көбүрөөк көз каранды болуп калышы мүмкүн. Бул өз кезегинде азык-түлүк жеткирүү үчүн атаандаштыкты күчөтүшү ыктымал.
Эксперттер жакынкы убакта аба ырайына байланыштуу тобокелдиктер сакталып калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө. Ошондуктан дүйнөлүк азык-түлүк рыногу инфляциянын жаңы толкунуна карата дагы эле алсыз бойдон калууда.
Мындан тышкары, The New York Times сурамжылаган талдоочулар Кара деңиздеги портторго жана кемелерге жасалган чабуулдардан улам дүйнө азык-түлүк тармагындагы олуттуу соккуга туш болушу мүмкүн деп эсептешет.
Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы согуш жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам дүйнөлүк азык-түлүк баалары жыл соңуна чейин кыйла өсүшү мүмкүн экени, ал эми баалардын эң жогорку өсүшү 2027-жылы күтүлүп жатканы кабарланган.
Эске салсак, Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер 2026-жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7%га өскөн.

Комментарийлер
Азырынча комментарий жок
Комментарий калтырган биринчи болуңуз!
Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.