«Келечек» кепилдиги аркылуу 61 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз турак жайга ээ болду

2026-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча 61 үй-бүлө «КФ» ААКсы тарабынан сунушталган «Келечек» кепилдик инструментинин жардамы менен баштапкы төлөмсүз ипотека аркылуу өз турак жайына ээ болду.

«Келечек» кепилдиги аркылуу 61 үй-бүлө баштапкы төлөмсүз турак жайга ээ болду
Фото: www

Жыл башынан бери 81,6 млн сом суммасында кепилдиктер берилди, бул 313,5 млн сом өлчөмүндө ипотекалык кредиттерди алууга мүмкүндүк берди.

Продукт 2025-жылдын экинчи жарымынан тарта ишке киргизилгенден бери анын жардамы менен 166 турак жай объектиси алынган. Жалпы мезгил ичинде «Келечек» боюнча 209,3 млн сом суммасында кепилдиктер берилип, 825 млн сомдон ашык ипотекалык кредиттер алынган.

«Келечек» ипотекалык кепилдиги турак жай алууда негизги тоскоолдуктардын бири болгон баштапкы төлөм маселесин чечет. Кепилдик камсыздоонун эсебинен турак жайдын баасынын 30% чейин жабылат, бул ипотеканы жарандар үчүн жеткиликтүү кылат.

Кепилдикти тариздөө «КФ» ААКсы өнөктөш банктары аркылуу жүргүзүлүп, каржылоону алуу процесси жөнөкөй жана ыкчам ишке ашат.

«Келечек» - бул бүгүнкү күндө эле узак мөөнөттүү топтоолорсуз жана мамлекеттин колдоосу менен өз турак жайына ээ болуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү.

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.