Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

2025-жылы канча бөбөк «балага сүйүнчү» алган

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ымыркай төрөлгөндө берилүүчү бир жолку жөлөкпулдун саны тууралуу маалымат берди.

2025-жылы канча бөбөк «балага сүйүнчү» алган
Иллюстрациялык сүрөт

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөдө 136 миң 568 бөбөк «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн алды. 

Маалым болгондой, алгандардын ичинен 36 бала — үч эм жана андан көп төрөлгөндөр.

Эске салсак, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Белгиленгендей, бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.

Бөлүшүү:

Комментарийлер

Азырынча комментарий жок

Комментарий калтырган биринчи болуңуз!

Комментарий калтыруу үчүн авторизациядан өтүңүз керек.